ATACMS ракетасына Россия кандай жооп кайтарат?

Дүйнөлүк коомчулук Америка жана Батыш өлкөлөрү 300 чакырым аралыкка чейин ата ала турган жана белгиленген бутага так тийүүчү ATACMS ракетасы коркунучтуу экендигине карабай, орус-украин тирешүүсүндө бурулуш учур болоруна ишене беришпейт.

Ал эми АКШнын аскер эксперттери  Путиндин Киев бийлигине кезектеги ажал издеген ракеталарды жөнөткөн жактарга жоопту катуу бергенге укугу бар экендигин белгилешүүдө.

Россиянын АКШга Украинага алыска учуучу ATACMS ракеталарын жөнөткөнү үчүн кескин жооп кылууга акысы бар. Бул туурасында америкалык полковник Лоуренс Уилкерсон интервьюсунда айтканын РИА Новости жазды.

“Өтө кооптуу чечим ( ATACMS ракетасын Украина армиясына бергендик — ред.). Путиндин жооп кылганга, ал тургай жоопту катуу кылганга укугу бар. Эмне болгон күндө да согуш жүрүп жатпайбы”, — деген эксперт.

Уилкерсон бардыгы тең эле Украина президенти Владимир Зеленскийди жакшы билишерин жана анын кандай кадам таштап, эмне чечим кабыл аларынан кабардар экендиктерин белгилеген. Бул бир катар кооптуулуктарды (анын ичинен Америкада да) жаратарын кошумчалаган.

2023-жылдын октябрында Россия президенти Владимир Путин Кошмо Штаттардын бул ракеталарды Украинага берүү чечими кезектеги жаңылыштык болгонун белгилеген. Анын айтымында, мындай курал кошумча кооптуулукту жараткандан башка пайда алып келбейт жана согуш чектеринде ATACMS кырдаалды кардиналдуу өзгөртүүгө күчү жетпейт. Ал эми Россия коюлган чабуулга жооп бере алат.

ATACMS — Lockheed Martin компаниясы жасаган өтө алыска жете турган ыкчам-тактикалык баллистикалык ракета. Аны реактивдүү түзүлүштөгү залптык, анын ичинен M142 HIMARS системасынан кое берүүгө болот.

Комментарий жиберүү