Тажикстан Сириядан 47 аял жана баланы кайтарды

Соңку жылдары Тажикстан Сирия менен Ирак аймактарынан жүздөгөн жарандарын, негизинен аялдарды жана балдарды кайтарды.

Сириядан тажикстандык 47 аял жана бала мекенине кайтып келгенин Sputnik Тажикстан «Ховар» агенттигине шилтеме берип жазды.

Маалыматка караганда, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун тапшырмасы менен бийлик мекенине 13 үй-бүлөнү – 15 аял, 17 кыз жана 15 эркек баланы кайтарды.

Бул Сирия менен Ирактын аймактарынан кайтып келгендердин төртүнчү партиясы.

Расмий адамдардын билдирүүсү боюнча кайтарылгандар алгач реабилитация жана социалдык интеграциянын зарыл этаптарынан өтөт. Андан соң үй-бүлөлөрүнө кайтарылат.

Согуш зоналарынан кайтып келген аялдарды жана балдарды реабилитациялоо, нормалдуу жашоого адаптациялоо, ошондой эле ишке орноштуруу жана окутуу Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун жана республиканын өкмөтүнүн өзгөчө көзөмөлүндө турат.

Жалпысынан 2019-жылдан 2023-жылга чейин Тажикстандын өкмөтү 300дөн ашык тажикстандык аялдар менен балдарды Ирак менен Сириядагы лагерлерден кайтарган.

Тажик бийлигинин маалыматы боюнча, 2014-жылдан бери Тажикстандын 2 миңдей жараны Сирия менен Иракка барган. Көпчүлүгү аялдары жана балдары менен кеткен, кээ бирлери ал жерлерде үй-бүлө курушкан. Алардын көбү өлтүрүлгөн, камалган, же дагы эле дайынсыз.

Комментарий жиберүү