Садыр Жапаровдун Азербайжанга болгон мамлекеттик сапарынын жыйынтыгы

Президент Садыр Жапаровдун Азербайжанга 24-25-апрелде болгон мамлекеттик сапары аяктады.

Сапардын алгачкы күнү Баку шаарында “Зугульба” резиденциясында Садыр Жапаров менен Азербайжандын Президенти Ильхам Алиевдин расмий жолугушуу аземи болуп, андан соң өлкө президенти Ильхам Алиев менен тар курамдагы сүйлөшүүлөр болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө соода-экономикалык, инвестициялык, энергетикалык, транспорттук, айыл чарба жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү маселелери талкууланды.

Тар курамдагы жолугушуудан кийин эки өлкөнүн лидерлери эки өлкөнүн Мамлекеттер аралык кеңешинин экинчи жыйынын өткөрүштү. Жыйындын жүрүшүндө эки өлкөнүн эки тараптуу жана көп тараптуу форматтарда кызматташууну өнүктүрүү боюнча мамилелеринде толугу менен бирдейлиги жөнүндө белгиленди.

Сапардын алкагында бир катар документтерге кол коюлду.

Кол коюлган документтер:

  • Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Биргелешкен декларациясы;
  • Мамлекеттер аралык кеңешинин экинчи отурумунун чечими”;
  • Эки өлкөнүн ортосундагы кирешеге салыктарга карата кош салык салууну болтурбоо жана салык төлөөдөн качуунун жана салык салуудан качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашуу”;
  • Азербайжан-Кыргыз Өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө Макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу кошумча Макулдашуу, 11-октябрь, 2022-жыл”;
  • Миграция тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашуу”;
  • Билим берүү жана илим жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу”;
  • Юстиция министрлигинин ортосундагы укуктук чөйрөдөгү өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашуу”;
  • Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын ортосундагы бажылык тескөөнү өркүндөтүү максатында кызматташуу жана өз ара жардамдашуу жөнүндө макулдашуу”;
  • Мамлекеттик бажы кызматынын ортосундагы өз ара соода статистикасы жөнүндө маалымат алмашуу жаатындагы кызматташтык жөнүндө Протокол”;
  • Азербайжан президентине караштуу жарандарга кызмат көрсөтүү жана социалдык инновациялар боюнча мамлекеттик агенттик менен Кыргызстандын санариптик өнүктүрүү министрлигинин ортосундагы Кыргызстанда мамлекеттик кызмат көрсөтүү борборлорун илгерилетүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум”;
  • Эки өлкөнүн Министрлер Кабинетинин ортосундагы 2024-2029-жылдарга кызматташтык программасы”;
  • Саламаттык сактоо министрлигинин ортосунда саламаттык сактоо жана медициналык илим жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум”;
  • Энергетика министрлигинин ортосундагы энергетика жаатында кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум;
  • “Азербайжандын диаспора менен иштөө боюнча мамлекеттик комитети менен Кыргызстандын  Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум”;
  • “Азербайжандын диний уюмдар менен иштөө боюнча мамлекеттик комитети менен Кыргызстандын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум”;
  • “Азербайжандын тамак-аш коопсуздугу агенттиги менен Кыргызстандын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин ортосунда ветеринария жаатындагы кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум”;
  • “Азербайжандын Улуттук архив башкармалыгы менен Кыргызстандын санариптик өнүктүрүү министрлигинин ортосундагы архив иши жаатында кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум”;
  • “Баку мамлекеттик университети менен Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум”.

Андан соң Азербайжандын лидери Ильхам Алиев менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында президент Садыр Жапаров жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн билдирүү жасады.

Ушул эле күнү Садыр Жапаров менен Ильхам Алиев Баку шаарынын Азадлык – борбордук көчөлөрүнүн бириндеги сейил бакта кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин ачылыш аземине катышты.

Мындан тышкары, мамлекеттик сапардын алкагында президент Садыр Жапаров Азербайжандын жалпы улуттук лидери Гейдар Алиевди эскерип, анын күмбөзүнө жана анын өмүрлүк жары Зарифа Алиеванын мүрзөсүнө гүлчамбар койду. Белгилүү мамлекеттик ишмер Азиз Алиев менен профессор Тамерлан Алиевдердин да элеси эскерилип, мүрзөлөрүнө гүл коюлду.

Сапардын экинчи күнү президент Садыр Жапаров Физули шаарына барды, ал жактан Ильхам Алиев менен бирге Хыдырлы айылында болочок орто мектепке мезгил кутусун салуу аземине катышты. Мектеп Кыргызстандын элинен боордош Азербайжан элине белек катары курулат.

Андан тышкары, президенттер Физули жана Агдам шаарларынын өнүгүү планы менен таанышты.

Агдамга барганында президенттер XVIII кылымдагы сарай комплексине барышты, ал жерде Карабах хандыгынын негиздөөчүсү Панахали хандын сарайы жана мүрзөсү бар. Бул жерде Садыр Жапаров менен Ильхам Алиевге Азербайжан тукумундагы аттар көрсөтүлдү.

Андан кийин Президенттер “Жума” мечитине, байыркы “Шахбулаг” чебине барып, реставрация боюнча жүрүп жаткан иштер менен таанышты.

Азербайжанга болгон мамлекеттик сапарын аяктап, президент Садыр Жапаров 25-апрелде Бишкек шаарына кайтып келди.

Комментарий жиберүү