Газадагы массалык көрүстөндөн чыгарылган сөөктөрдүн саны 400гө жетти

Палестиналык куткаруучулар Газа тилкесинин түштүгүндөгү Хан Юнис шаарындагы “Насер” медициналык комплексинин жанында табылган массалык көрүстөндөрдөн адамдардын сөөктөрүн алып чыгууну улантышууда, алардын саны болжолдуу түрдө 390дон ашты, деп билдирет палестиналык WAFA агенттиги.

Буга чейин Хан Юнистеги көмүлгөн жерден 180 адамдын сөөгү алып чыгарылганы кабарланган.

«Израиль аскерлери Хан Юнис шаарынан чыгарылгандан кийин “Насер” медициналык комплексинде табылган үч массалык көрүстөндөн кеминде 392 адамдын сөөгү табылды», – деп айтылат агенттиктин билдирүүсүндө.

Маалыматта белгиленгендей, маркумдардын денелеринде кыйноонун белгилери бар. Кээ бирлеринин колу пластик кишен менен байланган.

Эске салсак, массалык көрүстөндөр Израилдин армиясы Газанын түштүгүндөгү Хан Юнис шаарында төрт ай операция жүргүзүп чыгып кеткенден кийин өткөн ишембиде табылган. Ал жерден аялдардын, балдардын жана карылардын да сөөгү чыккан.

Израиль армиясынын ал жердеги операциясынын натыйжасында учурда шаардын көп бөлүгү урандыга айланып, жолдорго жана инфраструктурага олуттуу зыян келтирилген.

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысынын басма сөз катчысы Стефан Дюжаррик Газадагы массалык көрүстөн табылганы тууралуу кабарларды “абдан тынчсыздандыруучу” деп мүнөздөп, ал боюнча ишенимдүү, толук жана көз карандысыз иликтөө жүргүзүүгө чакырган.

Комментарий жиберүү