Эрдоган кайрадан Нетаньяхуну Гитлерге салыштырды

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган дагы бир жолу Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуну Адольф Гитлерге салыштырып, Анкара анын жасаган кылмыштары тууралуу дүйнөгө маалымат берүүнү уланта берерин айтты.

“Биз Израилдин кылмыштары боюнча далилдерди Эл аралык сотуна көрсөтүүнү буга чейин жасагандай эле улантабыз. Биз чындыкты ачып, Израиль тарабынан жасалган киши өлтүрүүлөрдү айтууну улантабыз. Нетаньяху биздин замандын Гитлери экенин баары түшүнсүн жана анын шериктери жоопкерчиликтен кутула алышпайт. Эртеби-кечпи, адилеттүүлүк соттун алдында болбосо да, тарыхтын алдында жеңет», – деген Эрдогандын сөзүн TRT телеканалы келтирди.

Эрдоган Газадагы массалык өлтүрүүлөгө жана анклавды толугу менен жок кылуу аракеттери тууралуу айтып, Израилдин Газа тилкесиндеги аракеттерин кайрадан кескин айыптады.

«Биз четте калып тура албайбыз. Буга каршы туруу үчүн БУУнун механизмдери аркылуу активдүү кадамдар керек», – деди түрк президент.

Мындан тышкары, түрк лидери Израилдин Газадагы медиа өкүлдөрүнө кол салууларын Палестина анклавындагы «кыргындардын изин жашыруу жана геноциддин далилин жок кылуу» аракети деп атады.

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин акыркы маалыматы боюнча Израилдин Газадагы согушунун натыйжасында анклавда каза болгон палестиналыктардын саны 34 миң 183кө жетип, 77 миң 143 киши жаракат алды. 

Комментарий жиберүү