Ереван жана Баку биринчи жолу чек араны делимитациялоо боюнча макулдашууга жетишти

Армения Азербайжанга төрт көзөмөлүндөгү айылды өткөрүп берди. 

Армения жана Азербайжан биринчи жолу чек араны делимитациялоо боюнча макулдашууга жетишти. Бул тууралуу Армениянын ТИМи жана Азербайжандын вице-премьери Шахин Мустафаев билдирди.

Билдирүүлөрдө айтылгандай, тараптар «Советтик Союздун алкагында бул өлкө кулаганга чейинки мезгилде күчүндө болгон чек арага ылайык» төрт калктуу конуштун  «айрым чек ара линиясын алдын ала макулдашышты» деп билдирет  Медуза.

Жүргүзүлгөн делимитация иш жүзүндө Азербайжан ССРинин курамында болгон, ал эми 1990-жылдардан тартып Армениянын көзөмөлүнө өткөн төрт селонун иш жүзүндө Азербайжандын көзөмөлүнө өткөрүлгөндүгүн билдирет.

Тараптар жакынкы мезгилде макулдашылган аймактан аскерлерин чыгарып кетип, ал жакка чек ара кызматтарын жайгаштырууну макулдашышты.

Армения менен Азербайжандын чек арасы миң километрге жакын аралыкка созулат. Бул өлкөлөр эгемендүүлүккө жетишкен мезгилден баштап, 1991-жылдан кийин Тоолуу Карабахтагы чыр-чатактан кийин бул төрт айыл делимитация жана демаркация болгон эмес.

Комментарий жиберүү