Казакстандын суу каптаган аймактарында кырдаал оор бойдон калууда

Орусиянын Ириклин суу сактагычындагы суу Жайык (Урал) дарыясына кое берилгенден кийин Казакстандын батышындагы суу ташкынына байланышкан кырдаал оорлоду. Бул тууралуу Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бүгүн, 23-апрелде жарыяланган баяндамасында айтылат.

Ага ылайык, Атырау, Батыш Казакстан жана Түндүк Казакстан облустарында суу ташкындын кесепеттерин жоюу иштери уланууда. Абай, Улытау, Павлодар, Караганда, Акмоло жана Костанай облустарында абал туруктуу, жергиликтүү дарыялардагы суунун деңгээли төмөндөп жатат. Калктуу конуштарды суу каптоо коркунучу жок. Учурда куткаруучулар бул аймактарга таза суу жеткирүү, электр энергиясын жана транспорт байланышын калыбына келтирүү иштери менен да алектенүүдө.

ӨКМдин маалыматына караганда, бүгүнкү күнгө карата өлкө боюнча 5 миңден ашык үй, 16 миңден ашык дача, 1 миң кароо-жай жана 91 имарат суу алдында калууда.

Расмий маалыматтарга ылайык, суу каптаган аймактардан жалпысынан 119 миң адам, анын ичинде 44 миң бала эвакуацияланды. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча селдин кесепеттерин жоюу иштерине 32 миңдан ашык киши, 5 миңге жакын техника, 310 сууда жүрүү каражаттары жана 13 тик учак катышууда.

Буга чейин өкмөт суу ташкындарынан жабыркаган тургундарга жоготкон турак жайы үчүн бир жолку кенемте катары 369 200 теңгеден төлөп берери кабарланган. Үйү жараксыз болуп калган жарандарга мамлекет жаңы үй куруп берип же жабырлануучу өзү тандап алган турак жайды сатып бериши керек.

Расмий маалыматтар боюнча, учурда 369 200 теңге өлчөмүндөгү кенемтени 11 миңге жакын үй-бүлө алды.

Казакстандын өкмөтү бүгүн жабыркагандарга кошумча дагы 553 800 теңгеден төлөп берилерин билдирди. Бул жөнүндө өкмөт жыйынында өлкөнүн премьер-министри Олжас Бектенов айтты.

Комментарий жиберүү