Ирандын жогорку лидери: Израилди кылмыштары үчүн өкүндүрөбүз

Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи Иран Дамасктагы Ирандын консулдугуна кол салган Израилди кылмыштары үчүн өкүндүрөрүн билдирди.

“Биздин эр жүрөк адамдарыбыз баскынчы режимди жазалайт. Биз аларды бул жана башка ушул сыяктуу кылмыштары үчүн өкүндүрөбүз”, – деп айтылат Ирандын Жогорку лидеринин расмий сайтында.

Буга чейин Ирандын Тышкы иштер министрлиги Израилдин чабуулуна жеке жооп кайтарууга, ошондой эле “агрессорду кандай жазалоону” так аныктоого укуктуу экенин билдирген.

Ирандын президенти Ибрахим Раиси кол салуу жоопсуз калбайт деген.

2-март күнү кечинде Израилдин аба күчтөрү Сириянын борбору Дамасктагы Ирандын башкы консулдугунун имаратына ракетадан сокку урган. Сириянын коргоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, ракеталык чабуулдун натыйжасында консулдуктун имараты толугу менен талкаланган.

Консулдуктун имаратында ошондой эле Ирандын Сирия Араб Республикасындагы элчиси Хоссейн Акбаринин резиденциясы жайгашкан. Кол салуу учурунда элчи жабыркаган жок.

Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусунун билдирүүсүнө ылайык, Израилдин соккусунан сакчылар корпусунун жети офицери, анын ичинде эки аскерий улук кеңешчилер – генерал Мохаммад Реза Захеди жана бригадалык генерал Мохаммад Хади Хажи набыт болду.

Комментарий жиберүү