АКШ Ирандын консулдугуна жасалган соккудан кийин өз күчтөрү үчүн чочулап жатат

Америкалык аткаминерлер Израилдин Дамасктагы Иран консулдугуна кол салышы аймактагы чыр-чатакты күчөтүп, америкалык жана израилдик күчтөргө жооп чабуулдар жасалышы мүмкүн деп кооптонууда.

Бул тууралуу Sputnik Иран  The New York Times басылмасына шилтеме берип жазды.

“Американын учурдагы жана мурдагы аткаминерлери Сириядагы Иран консулдугуна жасалган кол салууга байланыштуу аймактагы чыр-чатактын күчөшүнөн жана аймактагы америкалык күчтөргө жана Израилге каршы жооп чабуулдарынан кооптонуп жатышат”, – деп жазды басылма.

The New York Times “Ирандын консулдугуна сокку уруу Иран жана анын союздаштары тарабынан эскалацияга гана алып келет, бул америкалык аскерлер үчүн өтө коркунучтуу”, деген Борбордук чалгындоо башкармалыгынын (ЦРУ) Батыш Азияда кызмат кылган мурдагы жогорку даражалуу кызматкери Ральф Гоффтун сөзүн келтирди.

Гофф Израилдин чабуулун “ойлонулбаган аракет” деп атады.

Басылманын АКШнын Коргоо министрлигиндеги булагы Израилдин чабуулунан кийин Сириянын түштүк-чыгышында жайгашкан америкалык аскерлер сокку уруучу учкучсуз учакты атып түшүргөнүн, бирок учкучсуз учактын бутасы америкалык күчтөр болгонбу же жокпу белгисиз экенин билдирген.

The New York Times  эгер ошондой болсо, анда бул Ирандын союздаш күчтөрүнүн Ирактагы же Сириядагы америкалык күчтөргө каршы эки айга жакын убакытта жасаган биринчи чабуулу деп айтууга болорун белгиледи.

Булак ошондой эле башка чабуулдар катталбаганын, бирок Пентагон кырдаалга кылдат байкоо салып турганын кошумчалады.

Буга чейин Ирандын руханий лидери аятолла Али Хаменеинин саясий кеңешчиси Али Шамхани Израилдин аба күчтөрүнүн Иран консулдугуна жасаган соккусуна АКШ түздөн-түз жооптуу деген пикирин билдирген. Ак үй Израилдин Сириянын баш калаасында Ирандын дипломатиялык өкүлчүлүгүнө жасаган соккусуна Кошмо Штаттардын эч кандай тиешеси жок деп билдирди.

Комментарий жиберүү