Ирандын консулдугуна жасалган чабуул. Кыргызстан тынчсыздануусун билдирип, Казакстан айыптады

Кыргызстан менен Казакстандын тышкы иштер министрликтери Израилдин Дамасктагы Иран консулдугуна жасаган ракеталык чабуулуна байланыштуу билдирүү жасашты.

Израилдин аракеттерин Казакстан айыптаса, Кыргызстан тынчсыздануусун билдирди.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Сириянын Дамаск шаарында жайгашкан Ирандын консулдук мекемесине жасалган ракеталык чабуулдардан улам адам курмандыктарына алып келген окуяга байланыштуу терең тынчсыздануусун билдирди.

“Кыргыз Республикасы тараптарды эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана нормаларына, биринчи кезекте БУУнун Уставына ылайык тынчтык жолу менен чыр-чатакты чечүүгө чакырат”, – деп айтылат ведомствонун билдирүүсүндө.

Ал эми Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Израилдин Ирандын Сириядагы консулдугуна жасаган соккусун айыптады.

«Дипломатиялык өкүлчүлүктөргө жана алардын кызматкерлерине карата зордук-зомбулуктун жана агрессиянын ар кандай көрүнүштөрүн жол берилгис деп эсептейбиз», – деп белгиленет ТИМдин билдирүүсүндө.

Министрлик мындай аракеттер дипломатиялык жана консулдук мекемелердин кол тийбестигин кепилдеген эл аралык укуктун негиздерин жана нормаларын бузарын баса белгиледи.

Ал эми Борбор Азиянын калган өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрликтери бул окуя боюнча эч кандай билдирүү жасай элек.

Израилдин соккусун дүйнөнүн ондогон өлкөлөрү, БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш айыптаганын мурда кабарлаганбыз.

Азыркы тапта кол салууну Россия, Пакистан, Оман, Иордания, БАЭ, Катар, Йемен, Ирак, Сирия, Ливан, Сауд Аравиясы, Кытай жана Куба сыяктуу мамлекеттер айыпташты.

2-март күнү кечинде Израилдин аба күчтөрү Сириянын борбору Дамасктагы Ирандын башкы консулдугунун имаратына ракетадан сокку урган. Сириянын коргоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, ракеталык чабуулдун натыйжасында консулдуктун имараты толугу менен талкаланган.

Консулдуктун имаратында ошондой эле Ирандын Сирия Араб Республикасындагы элчиси Хоссейн Акбаринин резиденциясы жайгашкан. Кол салуу учурунда элчи жабыркаган жок.

Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусунун билдирүүсүнө ылайык, Израилдин соккусунан сакчылар корпусунун жети офицери, анын ичинде эки аскерий улук кеңешчилер – генерал Мохаммад Реза Захеди жана бригадалык генерал Мохаммад Хади Хажи набыт болду.

Ирандын Тышкы иштер министрлиги Израилдин чабуулуна жеке жооп кайтарууга, ошондой эле “агрессорду кандай жазалоону” так аныктоого укуктуу экенин билдирди.

Ирандын президенти Ибрахим Раиси кол салуу жоопсуз калбайт деп билдирди.

Комментарий жиберүү