Эрдоган Тажикстандын жарандарына Түркияга визасыз кирүүгө тыюу салды

Түрк лидеринин мындай чечиминин себеби айтылган эмес. 

Түркия Тажикстандын жарандары үчүн визалык режимди жокко чыгарды. Бул тууралуу түрк лидери Реджеп Тайип Эрдогандын указында айтылган.

Документ өкмөттүк расмий Resmi gazete жарчысына жарыяланган жана расмий басылмага жарыялангандан кийин күчүнө кирери белгиленген.

«Демейки чет элдик паспорту бар Тажикстандын жарандары Түркияга барганда визасыз режимди жокко чыгаруу чечими кабыл алынды», — деп айтылат указда.

Тажик жарандарына карата мындай чара чет элдиктер жана эл аралык коргонуу тууралуу мыйзамдын негизинде кабыл алынгандыгы белгиленген.

Мындан мурда түрк ММКлары “Крокуска” чейинки терактан бир аз мурда бул массалык адам өлтүрүүгө шектүү катары кармалган Тажикстандын жарандары Фаридун Шамсидин жана Саидакрам Рачабализода Түркияда болушкандыгын жазышкан.

Алардын акыркысы Стамбулга 2024-жылы 5-январда учуп барган. ММКлардын маалыматы боюнча, булар 2-мартта Москвага чогуу  барышкан.

5-апрелде Россияда “Крокуска” кол салуу боюнча 11 шектүү кармалган, алардын көпчүлүгү – Тажикстандын жарандары.

“Крокуста” теракт болгондон кийин Түркияда бул кол салуу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алган Ислам мамлекети террордук уюмунун тарапкерлерине каршы бир нече рейд жүргүзүлгөн.

Hürriyet газетасы кармалгандардын арасында  Түркияда Кыргызстандын 41 жаштагы жараны С. Зульфия менен биргеликте кол салууну даярдаган Тажикстандын 37 жаштагы жараны А. Фазилжон болгондугун маалымдаган.

Тажикстандык кол салуунун аткаруучусу болушу керек эле, анын Абу Исмаил аттуу коддук ысымы болгон, кыргызстандык аял анын жардамчысы. Экөөсү тең узак убакыт боюу Ислам мамлекети террордук уюмунун мүчөлөрү болушкан.

Фазилжон камакка алынды, Зульфияга карата депортациялоо чечими кабыл алынган.

Комментарий жиберүү