Москвада Айт намазы үйдө окулат

Москванын бийлиги мусулмандарды Айт намазын үйдө окууга чакырат. Бул тууралуу “Осторожно, новости” Telegram-каналы шаардын улуттук саясат жана дин аралык байланыштар департаментинин документине шилтеме кылып кабарлады.

Маалыматка караганда, тиешелүү кат 10-апрелде белгилене турган Орозо айт майрамында чектөөлөр болору жөнүндө мусулмандарга маалымат берүү өтүнүчү менен шаардын административдик округдарынын префекттерине жөнөтүлгөн. Катта Борбор Азия өлкөлөрүнөн барган жарандарга өзүнчө көңүл бурулушу керектиги белгиленген.

“Осторожно, новости” каналы мындай мазмундагы каттын жөнөтүлүшү “Крокус Сити Холлдогу” терактка байланыштуу болушу мүмкүн экенин жазды.

Орусиянын бийлиги бул боюнча расмий комментарий бере элек. Азырынча өлкөнүн Уламалар кеңеши да Орозо айт майрамы белгилене турган күндү жарыялай элек.

Орусиянын мусулмандар дин башкармалыгынын маалыматына караганда, былтыр Москвадагы айт намазына 400 миңге жакын мусулман чогулган.

22-мартта Москва облусундагы “Крокус Сити Холл” концерттик залында болгон теракттан кийин Орусияда мусулман мигранттарга кысым күчөдү. Ал кол салууга тажик жарандары айыпталып, 144 киши өлгөнү, дагы 500 адам жаракат алганы кабарланган.

Комментарий жиберүү