Путин «Крокустагы» терактка буюртма бергендер тууралуу: «биз аларга жетебиз»

Россия «Крокустагы» терактка буюртма бергендерге жетерин президент Владимир Путин ички иштер министрлигинин кеңейтилген жыйынында айткандыгын РБК маалымдады. 

«Биз үчүн түздөн-түз аткаруучуларды гана эмес, бүтүндөй топту, бул мыкаачылыкты буюртма берген түйүндү аныктоо маанилүү. Биз сөзсүз аларга жетебиз», – деди ал.

Путиндин пикиринде, «Крокустагы» теракты буюртма бергендер элдин арасында нааразылыкты жаратып, Россияны бөлүп-жарууну көздөшкөн.

«Ошондуктан болгон окуяны улуттук жана башка уруш-талашты ырбатууну жаратууга жол бербеш керек», – деди ал.

Мамлекет башчы теракка анализ жүргүзгөн кырдаал жогорку деңгээлде объективдүү жана кесипкөй болуш керек:  «Биз өтө чоң жоготууга учурадык».

Анын айтуусунда, азыркы учурда баардык укук коргоо, көзөмөл, надзордук кызматтардын жана «Крокус Сити» үчүн жооп берген коммерциялык уюмдардын аракетине клмплекстүү баа берүү жүрүүдө.

Белгилей кетүүчү жагдай, 22-мартта кечинде Москва облусундагы Красногорск шаарындагы «Крокус Сити Холл» концерттик залына белгисиз бирөөлөр кирип барышып, ал жердеги адамдарды туш келди аткылай башташкан жана андан кийин өздөрү менен кошо ала барган суюктукту чачып, өрт коюшкан. Акыркы маалыматтар боюнча, 144 адам каза болуп, 551и жаракат алышкан.

Россиянын укук коргоо органдары бул терактка шектүү катары 11 адам аныктагандыгын билдирип, алардын ону кармалды. Шектүүлөрдүн көпчүлүгү Тажикстандын жарандары жана тажик улутундагылар болууда.

https://youtube.com/watch?v=Xh2DEyRyvIM%3Ffeature%3Doembed

Комментарий жиберүү