Дүйнө коомчулугу Ирандын Сириядагы консулдугуна жасалган кол салууну айыптоодо

Эл аралык коомчулук Израилдин Сириянын борбору Дамасктагы Ирандын башкы консулдугунун имаратына сокку уруусун кескин айыптоодо.

Ракеталык чабуул кечээ кечинде жасалды. Консулдуктун имаратында ошондой эле Ирандын Сирия Араб Республикасындагы элчиси Хоссейн Акбаринин резиденциясы жайгашкан. Кол салуу учурунда элчи жабыркаган жок.

Сириянын коргоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, ракеталык чабуулдун натыйжасында консулдуктун имараты толугу менен талкаланган.

Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусунун билдирүүсүнө ылайык, Израилдин соккусунан сакчылар корпусунун жети офицери, анын ичинде эки аскерий улук кеңешчилер – генерал Мохаммад Реза Захеди жана бригадалык генерал Мохаммад Хади Хажи набыт болду.

Ирандын Тышкы иштер министрлиги Израилдин чабуулуна жооп кылып, Тель-Авивдин Дамасктагы Башкы консулдукка жасаган аба соккусуна жеке жооп кайтарууга, ошондой эле “агрессорду кандай жазалоону” так аныктоого укуктуу экенин билдирди.

Ирандын президенти Ибрахим Раиси Израилдин кол салуусу жоопсуз калбайт деп билдирди.

Кол салууга биринчилерден болуп Россия менен Сирия реакция кылып, бул аракеттерди айыпташты.

Россия

Россиянын Тышкы иштер министрлиги Израилдин чабуулун айыптап, өлкө жетекчилигин Сириядагы жана башка мамлекеттердеги чагымчыл аскерий аракеттерден баш тартууга чакырды.

«Ирандын Сириядагы консулдугуна жасалган бул кол салууну катуу айыптайбыз. Тиешелүү Вена конвенцияларында кол тийбестиги кепилденген дипломатиялык жана консулдук мекемелерге жасалган ар кандай кол салууларды таптакыр кабыл алынгыс деп эсептейбиз», — деп айтылат ведомствонун билдирүүсүндө.

Сирия

Сириянын тышкы иштер министри Фейсал Микдад бир нече бейкүнөө адамдардын өлүмүнө алып келген бул үрөй учурган Дамасктагы Иран консулдугуна жасалган террордук чабуулду кескин айыптады.

Ушул тапта Ирандын Дамасктагы консулдугуна жасалган кол салууну Пакистан, Россия, Оман, Иордания, Бириккен Араб Эмираттары, Катар, Йемен, Ирак, Сирия, Ливан жана Куба өлкөлөрү жана “Ислам ойгонуунун бүткүл дүйнөлүк ассамблеясы” айыптады.

Мындан тышкары, кол салууга БУУ да реакция кылып, уюмдун баш катчысынын расмий өкүлү Стефан Дюжаррик билдирүү жасады.

“Биз, албетте, бул кабарларга абдан тынчсызданып жатабыз, биз бир аз көбүрөөк маалымат алгыча күтөбүз”,- деди дипломат.

Пакистан 

Пакистандын тышкы иштер министрлиги Израилдин Иран консулдугуна жасаган соккусун айыптап, курман болгондордун жакындарына, Иран элине жана өкмөтүнө терең кайгыруу менен көңүл айтты.

Министрлик бул кол салуу Сириянын эгемендигин бузуу болуп саналарын жана анын туруктуулугуна жана коопсуздугуна шек келтирерин билдирип, бул эл аралык укукту жана БУУнун Уставын бузуу болуп саналарын кошумчалады. 

БАЭ

Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ) Израилдин Дамасктагы Иран консулдугунун имаратына жасаган соккусун айыптаганы БАЭнин Тышкы иштер министрлигинин сайтында жарыяланды.

Кытай

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги Ирандын Сириядагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнө жасалган кол салууну айыптап, дипломатиялык мекемелердин коопсуздугун бузууга болбой турганын айтып, Сириянын  аймактык бүтүндүгү сакталышы керектигин билдирди.

Кытай Эл Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Ван Вэньбиндин айтымында, аймактагы кырдаал тынч эмес, Кытай анын курчушуна алып келе турган бардык аракеттерге каршы.

“Кытай Ирандын Сириядагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнө кол салууну айыптайт. Дипломатиялык мекемелердин коопсуздугун бузууга болбойт, Сириянын эгемендүүлүгү, көз карандысыздыгы жана аймактык бүтүндүгү сакталышы керек”, – деди Вэньбинь.

Ушундай эле айыптаган билдирүүлөр менен башка да бир катар өлкөлөрдүн тышкы иштер министрликтери чыгышты.

Египет

Египет Иран консулдугуна жасалган кол салууну айыптап, Дамаск менен тилектештигин билдирди.

“Египет Сириянын борбор шаары Дамасктагы Иран консулдугунун имаратына жасалган кол салууну айыптайт” – деп жазды Араб Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Ахмед Абу Зейд Х соцтармактагы баракчасына.

Индонезия

Индонезиянын тышкы иштер министрлиги кол салууну кескин айыптап, ал аймактагы жаңжалдын курчушуна алып келиши мүмкүн экенин билдирди.

“Индонезия Израилдин Дамасктагы ирандык дипломатиялык имараттарга жана объекттерге кол салышын кескин айыптайт. Бул кол салуу эл аралык укукту жана БУУнун Уставын түздөн-түз бузуу болуп саналат. Бул аймактагы чыр-чатакты дагы да курчутуп, бекем тынчтыкка жетишүү перспективаларын азайта турган Израилдин дагы бир кооптуу аракети”, – деп айтылат ведомствонун X баракчасындагы билдирүүдө.

Талибан

Ооганстандагы “Талибан” кыймылы курган убактылуу өкмөттүн тышкы иштер министрлиги Ислам революциясынын сакчылар корпусунун эки генералынын өлүмсүнө алып келген Израилдин аба күчтөрүнүн Дамасктагы Иран консулдугуна жасаган чабуулун кескин айыптап, аны дипломатиялык нормаларды одоно бузуу жана аймактагы туруксуздукту күчөтүү аракети деп эсептеди.

Талибандын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Абдул Кахар Балхи Ооганстан дүйнөнүн жана аймактын таасирдүү өлкөлөрүн сионисттик режимдин Газадагы жана анын тышындагы  кылмыштарын алдын алууга чакырат деп билдирди.

Анын айтымында, “сионисттик режимдин кылмыштарынын улануусу дүйнөдөгү жана аймактагы коопсуздук үчүн олуттуу көйгөйгө айланды” жана эл аралык институттардын натыйжалуулугу тууралуу суроолорду жаратты.

Куба 

Куба Израилдин кол салышын кескин айыптап, мындай чабуулдарды кабыл алынгыс деп эсептеди.

“Биз Израилдин Дамасктагы Ирандын дипломатиялык объектилерине кол салышын кескин айыптайбыз, бул Сириянын эгемендигин жана эл аралык мыйзамдарды одоно бузуу болуп саналат. Бул кабыл алынгыс  иш-аракеттер күтүлбөгөн кесепеттерге алып келүүчү чыр-чатактардын күчөшүнө жана региондоштуруу коркунучтарын күчөтөт”, – деп жазды Кариб өлкөсүнүн тышкы иштер министри Бруно Родригес Парриллья соцтармактагы баракчасына.

БУУ

БУУ Израилдин Сириянын баш калаасында Иран элчилигине жасаган аба соккусуна абдан тынчсызданып жатканын уюмдун баш катчысынын расмий өкүлү Стефан Дюжаррик билдирди.

“Биз, албетте, бул кабарларга абдан тынчсызданып жатабыз, бирок биз өз пикирибизди билдирүү үчүн бир аз көбүрөөк маалымат алганга чейин күтөбүз”, – деди Дюжаррик.

Ошол эле учурда, Дюжаррик БУУ кандайдыр бир өлкөгө тышкы кол салууларды же эгемендүүлүктү бузууну айыптай турганын моюнга алды.

Ирандын Дамасктагы консулдугуна жасалган кол салууну бул өлкөлөрдөн тышкары, Оман, Иордания, Катар, Йемен, Ирак жана Ливан өлкөлөрү да айыпташты.

Комментарий жиберүү