Президент “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” КР Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 14-мартында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты коммерциялык эмес уюмдардын, анын ичинде чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдардын филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн, ошондой эле чет өлкөлүк өкүлдүн милдетин аткаруучу коммерциялык эмес уюмдардын жана чет өлкөлүк булактардан – чет өлкөлүк мамлекеттерден каржылануучу, алардын мамлекеттик органдарынан, эл аралык жана чет өлкөлүк уюмдардан, чет өлкөлүк жарандардан, жарандыгы жок адамдардан же болбосо алар ыйгарым укук берген жактардан акча каражаттарын жана көрсөтүлгөн булактардан (мамлекеттин катышуусу бар ачык акционердик коомдорду жана алардын туунду коомдорун кошпогондо) башка мүлктөрдү алуучу уюмдардын ишинин ачык-айкындыгын камсыз кылууга багытталган.

Мыйзам менен коммерциялык эмес уюмдун ишинин Кыргызстандын мыйзамдарына жана анын уюштуруу документтеринде каралган максаттарга ылайык келишин контролдоо максатында Мамлекеттик каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын төмөнкүдөй ыйгарым укуктары каралат:

  • коммерциялык эмес уюмдун башкаруу органдарынан алардын тескөө документтерин суратууга;
  • мамлекеттик статистика органдарынан, салык органдарынан жана башка мамлекеттик көзөмөлдөө жана контролдоо органдарынан, ошондой эле кредиттик жана башка финансылык уюмдардан коммерциялык эмес уюмдардын финансылык-чарбалык иши жөнүндө маалыматты суратууга жана алууга;
  • коммерциялык эмес уюм өткөрүүчү иш-чараларга катышуу үчүн өз өкүлдөрүн жөнөтүүгө;
  • ыйгарым укуктуу орган белгилеген тартипте коммерциялык эмес уюмдун ишинин, анын ичинде акча каражаттарын чыгымдоо жана башка мүлктү пайдалануу боюнча ишинин анын уюштуруу документтеринде каралган максаттарга шайкештигине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө.

Президент Жапаров мыйзамга кол койгонунун себебин соцтармактагы расмий баракчасынан түшүндүрдү.

Ал буга чейин өкмөттүк эмес уюмдар жана алардын чет өлкөлүк өнөктөштөрү ага кайрылышп, бул мыйзамга кол койбоону суранышканын жазды.

Президент 30 жылдан бери иштеп келе жатышкан өкмөттүк эмес уюмдар эч жерге катталчу эмес, эч кимге отчёт беришчү эмес экенин белгиледи.

“Алар жөн гана банктардан эсеп ачып эле чет өлкөлүк донорлорунан акча алып, каалаган нерселерине, анын ичинде жеке үй-бүлөлүк кызыкчылыктарына да иштетип келишкен. Эми мындан ары Юстиция министрлигинен эл катары эле каттоодон өтүшөт. Банктан эсеп ачышат. Мындан ары ачык айкын иштей башташат. Буга чейин калкыбызда айтылып келген “эшек жайлоо” деген мындан ары болбойт”, – деди ал.

Мамлекет башчынын айтымында, чет өлкөлүк донорлор эмнеге бул мыйзамга каршы деген суроо туулат.

“Аларды биздин өкмөттүк эмес уюмдар алдап жатышат. Бизге куугунтук болот. Бизди чет өлкөнүн агенти деп камашат” деген сыяктуу жалган маалыматтарды жеткирип жатышат. Алар ишенип алышкан. Ошол үчүн бул мыйзамга кол коюудан баш тартышымды суранып жатышат. 30 жылдан бери бирөөсүн дагы чет өлкөлүк донорлор менен иштештиңер, баланча суммадагы акча алдыңар деп куугунтуктабаган эми куугунтуктамак белек? Мамлекет башчысы катары кепилдик берем. Эч кандай куугунтук болбойт. Ядерлик өлкө эмеспиз. Азырынча космоско учалы деп жаткан жокпуз. Биздин мамлекетте силерден жана силердин донорлордон жашыра турган жашыруун сырларыбыз жок. Бизде баардык маалыматтарды ачык булактардан эле тапса болот. Колуңардан келсе миллиондорду эмес, миллиарддарды алгыла. Ал биздин өлкө үчүн пайда гана алып келет. Болгону мындан ары баарын ачык айкын көрсөтүп, эл катары эле иштегиле деп жатабыз. Ошондо чет өлкөлүк донорлоруңар дагы канча акчасы кайсы долбоорлорго жумшалганын баарын ачык көрүп турушат. Алданышпайт”, – деп белгиледи өлкө башчысы.

Комментарий жиберүү