Израиль Ирандын Сириядагы консулдугуна ракеталык чабуул жасады. Тегеран жооп берүүнү убада кылды

Израиль кечээ кечинде Дамасктагы Ирандын консулдугуна ракеталык чабуул жасады. Курман болгондордун арасында дипломаттар жана Араб Республикасынын жарандары бар, деп билдирет Ирандын маалымат каражаттары.

Алдын ала маалыматтарга караганда, Ирандын Ислам Революциясынын сакчылар корпусунун кеңешчи генералдары менен кызматкерлери, үч сириялык жана бир ливандык жаран набыт болуп, дагы 12си жарадар болгону белгилүү.

Аткылоого Ирандын дипломаттары, ошондой эле Ислам революциясынын сакчылар корпусунун аскерий кеңешчилери жашаган Меззе кварталы кабылган. Консулдуктун имараты толугу менен талкаланган.

Каза болгондордун арасында Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусунун Сирия жана Ливандагы элиталык бөлүгүнүн командири Мохаммед Реза Захеди да бар экенин Al Arabiya каналы билдирди. Ал мурда Ислам революциясынын сакчылар корпусунун аба күчтөрүнө жана кургактык күчтөрүнө командачылык кылган жана учурда бир кездеги белгилүү Касем Сулеймани башкарган “Кудс” күчтөрүнүн жогорку командирлеринин бири болгон.

Мохаммад Реза Захеди израилдик күчтөр тарабынан өлтүрүлгөн Ислам революциясынын сакчылар корпусунун эң жогорку даражалуу генералы болуп калды. Бул Иран үчүн 2020-жылдын январында башкы командачы Касем Сулеймани АКШнын пилотсуз учактарынын чабуулунан каза болгондон берки эң олуттуу жоготуу болуп саналат.

Кээ бир маалымат каражаттары бута Иран бийликтери менен жолуккан “Ислам жихадынын” жогорку даражалуу мүчөсү болгонун жазышууда. Мунун себептери бар, жакында ХАМАС кыймылынын өкүлдөрү Иранда жолугушууларды өткөрүшкөн.

Ирандын Сириядагы элчиси Хоссейн Акбари жана анын үй-бүлөсү жабыркаган жок. Кол салуу учурунда ал элчиликтин имаратында болгон. Дипломат окуядан кийин Израилдин аракеттери чечкиндүү жоопту талап кылат  деп билдирди.

«Имаратка F-35 согуштук учактарынын алты ракетасы менен чабуул жасалды. Бул учурда мен элчиликте иштеген жеримде болчумун. Акыркы алты айда Палестина элине каршы жасалган бардык бул кылмыштардан кийин бүгүн Израиль режими Иранга каршы кылмыш кылды.Биздин бир нече аскер атташебиз жана дагы 7-8ге жакын адам каза болду.Алардын арасында сириялык эки полиция кызматкери бар.Азырынча каза болгондордун аты-жөнүн айта албайбыз», – деди иран элчиси.

Тегеран консулдукка кол салууга жооп берүүгө укуктуу

Расмий Тегеран Иран Израилдин соккусуна жооп иретинде чечкиндүү чараларды көрүүгө укуктуу экенин билдирди. Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги Вашингтон Израилдин аракеттери үчүн жооп бериши керек деп эсептейт.

«Израиль режиминин колдоочусу катары Америка бийлигине маанилүү билдирүү жөнөтүлдү. АКШ жооп бериши керек”, – деп жазды Ирандын Тышкы иштер министрлигинин башчысы.

Ошол эле учурда АКШ бийликтери сокку жасаларынан кабары жок болгонун жана ага катыштыгы жок экенин билдирди.

Ирандын тышкы иштер министри Хоссейн Амир Абдоллахиан кол салууну “эл аралык конвенцияларды бузуу” деп атады.

«Биз бул аракеттердин кесепеттери үчүн Израилди жоопту деп эсептейбиз. Эл аралык коомчулук мындай кылмыштарга каршы катуу позицияны карманышы керек», – деп кошумчалады министр.

Ирандын БУУдагы туруктуу өкүлчүлүгү уюмдун баш катчысына жана Коопсуздук кеңешинин төрагасына кат жолдоду. Анда Иран Дамасктагы консулдукка кол салуу үчүн Израилге чечкиндүү жооп кайтаруу укугун өзүнө калтырары айтылат.

“Иран Ислам Республикасы эл аралык укуктун жана БУУнун Уставынын алкагында мындай актыга чечкиндүү жооп берүү үчүн өзүнүн мыйзамдуу, ажырагыс укугун өзүнө калтырат”, – деп айтылат катта.

Ирандын Ливандагы элчилиги өз кезегинде “Израилдин варвардык агрессиясы эл аралык укукту, дипломатиялык нормаларды жана Вена конвенциясынын талаптарын чечкиндүү түрдө бузуу болуп саналат” деп билдирди.

Израиль тарап бул окуя боюнча азырынча комментарий бере элек. Батыш маалымат каражаттары, эреже катары, Израиль Сирияга сокку урду деп айыпталганда комментарий бербей турганын белгилешүүдө.

Ошол эле учурда, басма сөз каражаттарынын билдирүүсүнө караганда, Израиль тарап мындай соккуларды бир нече жылдан бери жасап келет. Адатта, бутага Ислам революциясынын сакчылар корпусунун күчтөрү, ошондой эле Дамаскка жардам берип жаткан ливандык “Хезболла” тобунун күчтөрү алынып келет.

Дүйнөлүк реакция

Кол салууга биринчилерден болуп Россия менен Сирия реакция кылып, бул аракеттерди айыпташты.

Россиянын Тышкы иштер министрлиги Израилдин чабуулун айыптап, өлкө жетекчилигин Сириядагы жана башка мамлекеттердеги чагымчыл аскерий аракеттерден баш тартууга чакырды.

«Ирандын Сириядагы консулдугуна жасалган бул кол салууну катуу айыптайбыз. Тиешелүү Вена конвенцияларында кол тийбестиги кепилденген дипломатиялык жана консулдук мекемелерге жасалган ар кандай кол салууларды таптакыр кабыл алынгыс деп эсептейбиз», — деп айтылат ведомствонун билдирүүсүндө.

Сириянын тышкы иштер министри Фейсал Микдад бир нече бейкүнөө адамдардын өлүмүнө алып келген бул үрөй учурган Дамасктагы Иран консулдугуна жасалган террордук чабуулду кескин айыптады.

Ушул тапта Ирандын Дамасктагы консулдугуна жасалган кол салууну Пакистан, Россия, Оман, Иордания, Бириккен Араб Эмираттары, Катар, Йемен, Ирак, Сирия, Ливан жана Куба өлкөлөрү жана “Ислам ойгонуунун бүткүл дүйнөлүк ассамблеясы” айыптады.

Мындан тышкары, кол салууга БУУ да реакция кылып, уюмдун баш катчысынын расмий өкүлү Стефан Дюжаррик билдирүү жасады.

“Биз, албетте, бул кабарларга абдан тынчсызданып жатабыз, биз бир аз көбүрөөк маалымат алгыча күтөбүз”,- деди дипломат.

Алдыда Россия тараптын өтүнүчү менен бул жагдай боюнча БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйыны болот.

Комментарий жиберүү