БРИКС доллардын тагдырын аныктайбы?

Батыштагы аналитиктер жана медиалар Иран, Россия жана Кытайдын БРИКС түрүндөгү альянсын бир уюлдук системага коркунуч катары карап, бул топтун мүчөлөрүнүн аракеттери АКШ долларынын глобалдык наркынын жана күчүнүн төмөндөшүнө себеп болгон факторлордун бири деп эсептешет.

Бир нече күн мурун “The Economist” басылмасы дүйнөлүк державалардын атаандаштыгы тууралуу олуттуу аналитика жарыялап, Россия, Кытай жана Ирандын альянсы Америка үчүн стратегиялык жана экономикалык кесепеттерге алып келерин белгилеген.

Басылмада белгиленгендей, жогоруда айтылган үч мамлекет тең БРИКСтин мүчөлөрү, алар эки тараптуу сооданы көбөйтүп, батыштагы державалардын таасир чөйрөлөрүн айланып өтүү менен алымсыз блокторду, жаңы төлөм системаларын жана соода жолдорун түзүү боюнча пландарды иштеп чыгууда.

Америкалык басылма мындай мамиле АКШ жана анын союздаштарын олуттуу тоскоолдуктарга дуушар кылып, Батыш, өзгөчө Вашингтон үчүн маанилүү геосаясий чакырык болуп калышы мүмкүн экенин белгилейт. Анткени Батышка каршы күчтүү коалиция санкцияларды айланып өтүүгө көмөктөшүп, аскердик жеңиштерге жетишүүгө мүмкүндүк берет. Бул акыр-аягы Батышка каршы башка оюнчуларды өзүнө тартып, БРИКС тобун бекемдеп, бул алардын максаттарына жетүүгө жардам бериши мүмкүн.

Материалдын авторлорунун талдоосунда Россия, Кытай жана Иранды дал Ак үйдүн санкциялары жакындаштырганы айтылат.

“The Economist” Иран, Россия жана Кытайга карата санкциялар жана кысым жараянына токтолуп, келечекте чектөөлөр күчөй турганын, ошондуктан үч мамлекет жалпы чакырыктарга жооп иретинде Америка көзөмөлдөй албай турган көп полярдуу дүйнөлүк тартипти түзүү жана бекемдөө максатында бирдиктүү тышкы саясатты кабыл алууга милдеттенишкенин жазды.

Материалдагы талдоого ылайык, Пекин, Москва жана Тегеран экономикалык кызматташтыкты чыңдоону өздөрүнүн өсүп келе жаткан альянсынын негизи кылып алышкан. Анын алкагында, Кытай менен Ирандын 2021-жылы 400 миллиард доллардан ашык суммадагы стратегиялык келишимге кол коюшу үч өлкөнүн экономикалык мамилелерди чыңдоо аркылуу кызыкчылыктардын жакындашуусу боюнча пландарынын мисалы болуп саналат, бул ошол эле учурда АКШ жана анын союздаштары үчүн чоң көйгөйлөрдү жаратат.

БРИКС жана доллардын алсырашы

Батыштын маалымат каражаттары Американын атаандаштарынын аракеттери бул өлкөдө олуттуу геосаясий толкундоолорду пайда кылганын, анын бир көрүнүшү инфляциялык басымга каршы күрөш экенин моюнга алышат. Бул өлкөдө пайыздык чендердин жогорулашы туруксуз экономикалык моделди жаратып, БРИКСке мүчө өлкөлөрдүн долларсыздандыруу аракети кризисти тереңдетип, акыркы төрт жылда АКШ долларынын наркынын кыйла төмөндөшүнө алып келди.

“Сryptodnes” сайтында белгиленгендей, дүйнөлүк экономикалык маалыматтарда 2020-жылдын башынан бери доллардын сатып алуу жөндөмдүүлүгү болжол менен 25%га төмөндөгөнүн көрсөткөн. Башкача айтканда, үч жыл мурункуга салыштырмалуу бир АКШ долларынын товардык баасы болгону 0,75 долларды түзөт. Бул наркты жоготуу валютанын инфляциялык абалынын белгиси болуп саналат жана финансылык трансформацияга карай глобалдык тенденциянын шартында анын начарлап баратканын абалын белгилейт.

Акыркы жылдарда көптөгөн өлкөлөр, анын ичинде АКШ олуттуу экономикалык кыйынчылыктарга туш болушту жана турукташтыруу аракеттерине карабастан, алар инфляциялык басымды жоюуга жетише алышкан жок.

Материалда БРИКС тобунун ичиндеги долларсыздандыруу демилгелери АКШ долларынын курсун ого бетер алсыратып, анын сатып алуу жөндөмдүүлүгү 2020-жылдын январынан бери 25%га олуттуу төмөндөшүнө алып келгени айтылат. Бул туруксуздук АКШда жана дүйнөдө доллардын алсыраганынан кабар берет. Бирок, инфляция маселенин бир гана жагы болуп саналат, ал эми карыздын деңгээлинин жогорулашы жана дүйнөлүк экономикалык шарттар да валюталык кырдаалдын начарлашына өбөлгө болууда.

Буга байланыштуу дүйнө жүзүндөгү борбордук банктар да АКШ долларынын мүмкүн болуучу кулашынан камсыздандыруу катары алтын запастарын көбөйтүштү. Бул тенденция эл аралык аренада доллардын туруктуулугуна карата өлкөлөрдүн тынчсыздануусунун күчөп жатканын көрсөтөт.

Геосаясий чыңалуу, инфляциялык басым ошондой эле БРИКСтин долларсыздандыруу демилгелери АКШ долларынын келечегин бүдөмүк кылып, ого бетер татаалдантты.

Альтернативдик валюталардын, санариптик активдердин жана башка факторлордун пайда болушу дүйнөлүк экономикалык ландшафттын андан аркы трансформациясын шарттап, учурдагы тенденциялар улана берсе, доллардын келечектеги үстөмдүгүнө шек туудурат.

Эске салсак, буга чейин “Guardian” гезити Россия Федерациясына каршы кеңири масштабдагы экономикалык согуш батыш өлкөлөрү үчүн тескери натыйжа алып келгенин, анткени ал дүйнөдө батышка каршы коалициянын түзүлүшүнө салым кошконун жазган.

БРИКС уюмуна Бразилия, Россия, Индия, Кытай, Түштүк Африка кирет. 2024-жылдын 1-январында БРИКСтин жаңы толук кандуу мүчөлөрү катары Египет, Иран, БАЭ, Сауд Арабиясы жана Эфиопия кошулган.

Комментарий жиберүү