“Палестинага боштондук!”: Израилдин Вашингтондогу элчилигинин алдында өзүн өзү өрттөгөн америкалык аскер каза болду

Израилдин Газа тилкесиндеги операцияларына нааразычылык көрсөтүп, Вашингтондогу Израилдин элчилигинин алдында өзүн өзү өрттөгөн америкалык аскер алган жараатынан улам каза болду. Бул тууралуу АКШнын аба күчтөрүнүн басма сөз кызматынын башчысы Энн Стефанек ырастаганын ТАСС агенттиги жазды. 

АКШнын аба күчтөрүнүн аскери нааразылык акциясын жекшемби күнү Израилдин Вашингтондогу элчилигинин кире беришинин алдында  өткөргөн. Ал эмне болуп жатканын Twitch стриминг кызматы аркылуу түз эфирде көрсөткөн. Ал АКШнын Аба күчтөрүнүн аскер кызматчысы экенин билдирген.

“Мен мындан ары геноцидге катышпайм”, – деген эфирдин башында аскер кийимин кийген демонстрант.

Ал өзүнө өрт коёрдун алдында “Палестинага боштондук!” деп кыйкырган.

https://t.me/vzglyad_ru/95030?embed=1

Полиция кызматкерлери өрттү өчүрүп, жабырлануучу оор абалда ооруканага жеткирилген.

Маалыматьтарга караганда, «экстремалдуу нааразылык актысын» 25 жаштагы Эрон Бушнелл жасаган. Ал АКШнын Аскердик аба күчтөрүндө (Техас штаты) кызмат кылган.

Палестина анклавынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин акыркы маалыматы боюнча Израилдин соккулары башталгандан бери Газада каза болгондордун саны 28,4 миңден ашты, 68 миңден ашууну жараат алды.

Былтыр 29-декабрда Түштүк Африка БУУнун Гаагадагы жогорку сотуна арыз менен кайрылып,  Израилди Газа секторунда палестиналыктарды геноцид кылып жатат деп айыптап, согуштук аракеттерин токтотуу талабын коюуну өтүнгөн.

БУУнун Эл аралык соту Түштүк Африканын Израилге каршы арызын карап, 26-январда Израилди Газадагы геноцид аракеттерин алдын алуу жана анклавдагы гуманитардык кырдаалды жакшыртуу үчүн чукул чараларды көрүүгө милдеттендирген. Бирок Израиль Эл аралык соттун геноцид боюнча айыптоосун четке кагып келет.

21-февралда АКШ БУУнун Коопсуздук кеңешинде Алжир сунуш кылган Газа тилкесинде ​​атышууну тез арада токтотууну талап кылган резолюция долбооруна кайрадан бөгөт койгон.

Вашингтондо Израилдин Газа тилкесиндеги операциясына жана жөөт мамлекетине аскердик жардам көрсөтүп жатканына байланыштуу массалык нааразылык акциялары байма-бай өтүп турат.

Комментарий жиберүү