Зеленский Сауд Аравияга эмнеге барды?

Украинанын президенти Владимир Зеленский 27-февралда Сауд Аравияда иш сапар менен болуп, мураскор ханзаада Мухаммед бин Салман менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, андан соң Албанияга жөнөп кетти.

Украин президенти буга чейин Telegram-каналына Сауд ханзаадасы менен эки негизги тема талкууланарын жазган: “тынчтык формуласы” жана туткундарды кайтаруу.

“Тынчтык формуласы” жөнүндө сөз кылган украин лидери 2023-жылы аны ишке ашыруу боюнча кеңешчилердин деңгээлинде Жидда шаарында “натыйжалуу жолугушуу” болгонун белгилеген.

“Биз азыр биринчи Тынчтык саммитин өткөрүүгө жакындап калдык жана биз Сауд Аравиянын мындан аркы активдүү колдоосуна ишенебиз”, – деп баса белгилеген ал.

Зеленскийдин айтымында, туткунга түшкөндөрдү кайтарууда Сауд Аравиянын жетекчилиги алардын адамдарынын бошотулушуна өз салымын кошуп келе жатат.

“Бул жолугушуубуз да жыйынтыгын берет деп ишенем», – деген ал.

Мындан тышкары, эки өлкөнүн лидерлери экономикалык кызматташуунун келечектүү багыттарын жана Сауд Аравиянын Украинаны калыбына келтирүүгө катышуусун талкуулашары маалымдалган.

Эске салсак, Сауд Арабия 2023-жылдын август айында “тынчтык формуласы” боюнча эл аралык саммит өткөргөн. Падышалык Украина менен Россиянын ортосундагы туткундарды алмашуу боюнча сүйлөшүүлөрдө маанилүү роль ойнойт. 2022-жылдын сентябрында Эр-Рияддын ортомчулугу Украинага туткундарды алмашууну ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берген.

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров туткундарды алмашуу боюнча келишимдер Сауд Аравиянын, ошондой эле бир катар башка араб мамлекеттеринин катышуусунда жетишилгенин тастыктаган.

Зеленскийдин сапарынан күн мурун, 26-февралда мураскор ханзаада Эр-Риядда Россиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володинди жана Москвадан келген башка расмий адамдарды кабыл алган.

Украиналык “Страна” басылмасы Зеленскийдин россиялык делегациянын сапарынан кийин Эр-Риядга барауусу Сауд Аравия Украинадагы жаңжалга байланыштуу маселелерде жигердүү ортомчулук кылып жатканын айгинелейт деп болжолдогонун mk.ru сайты жазды.

Согушту токтотуу боюнча “тынчтык формуласын” былтыр Украинанын президенти Владимир Зеленский сунуш кылган. Он пункттан турган документте орус күчтөрү украин аймагынан чыгып кетиши керек экени, Украинанын аймактык бүтүндүгү калыбына келтирилиши зарыл экени жазылган.

Украина сунуш кылган “тынчтык формуласын” талкуулаган эл аралык жыйын бир нече ирет өткөрүлгөн. Аларга Россия чакырылган эмес. Буга чейин Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Москва катышпаган мындай сүйлөшүүлөр “ийгиликтүү болбойт” деп айткан.

Айрым эксперттер Зеленскийдин Падышалыкта жүргүзгөн сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы ачыкталбарын айтышса, кээ бири украин лидери жардам сурап барган болушу мүмкүн экенин айтышты.

Саясатчынын пикири 

Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин Сауд Арабияга болгон сапарынын максаттарынын бири Киевге жардам көрсөтүүнү талкуулоо болгон болушу мүмкүн экенин, Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтунун европалык укук кафедрасынын доценти, Европалык маалымат борборунун директору Николай Топорнин Lenta.ru агенттигине билдирди.

Ал саудиялыктар туткундарды алмаштырууда роль ойной аларын айтып, бирок Зеленский бул сапарда каржылык жардам же курал-жарак бөлүү боюнча саудиялыктарга жардам сурап кайрылган болушу мүмкүн экенин божомолдоду.

Ошол эле учурда эксперт Эр-Рияд тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшүнө салым кошо аларын белгиледи.

Комментарий жиберүү