Антарктидада Түркиянын аянтына барабар муз ээрип кеткен

Антарктидада үч жылда көлөмү Түркиянын аянтына барабар болгон муз ээрип кетти.

Бул тууралуу түркиялык окумуштуулардын 8-улуттук антарктикалык илимий экспедициялык тобунун акыркы үч жылдагы иликтөөсүнүн жыйынтыгына арналган отчетунда айтылгандыгын  «Анадолу» агенттиги билдирди.

Түркиянын илимий-изилдөө лагери жайгашкан Хорсшу аралында GNSS стационардык станциясынын жардамы менен суунун, муздун жана кардын буулануусу, деңиз деңгээли сыяктуу маанилүү жагдайларга байкоо жүргүзгөн окумуштуулар суунун буулануусунун өзгөрүүсү көпчүлүк учурда климаттын глобалдык өзгөрүүсүнөн улам жогорулагандыгын аныкташты.

Ошол эле учурда УУАнын (БПЛА) жана өлчөөнүн спутниктик ыкмалары аркылуу кардын/муздун бир топ ээригендиги байкалган.

Долбоордун Хорсшу аралындагы биринчи жыйынтыгы 2022-жылдан  2023-жылга чейинки аралыкта 100 квадрат метр кар жана муздун аянты орточо 7 кубометрге кыскаргандыгын көрсөткөн.

Окумуштуулар бир жылда өтө байкаларлык кар жана муз ээрип, анын натыйжасында ар кандай муз жаракалары жана  көлчүктөр пайда болгондугун белгилешкен.

Андыктан окумуштуулар муз өтө тездик менен ээрип жаткандыгынын себеби эбегейсиз сандагы суунун буулануусу жана парник газынын атмосферага көп бөлүнүп жатышы экендигине токтолушту.

Климаттын тездик менен глобалдык өзгөрүүсүнүн улантылышы мөңгү суусунун булагы болгон муз деңизде жоголуусуна алып келүүдө.

Комментарий жиберүү