Орозолуу адам күнөөдөн да сактанууга тийиш

Суроо: Орозо кармаган бир адам жеп-ичүүдөн гана тыйылууга тийишпи же күнөөлөрдөн дагыбы?

ЖООП: Орозо кармоо бир гана жеп-ичүүдөн тыйылуу эмес. Колду, тилди, көздү, кулакты жана бардык дене-мүчөлөрдү да күнөө кылуудан сактоо керек. Анткени, Пайгамбарыбыз алейхиссалам: “Эгер орозо кармаган адам жалган сөздү таштабаса, ал адамдын жеп-ичүүдөн тыйылуусуна Аллаху таала муктаж эмес”, – деген.

Пайдасыз нерселерди сүйлөө, жалган айтуу, гыйбат кылуу кармалган орозонун сообун кетирет. Кыйынчылыкка, азапка чыдап, ибадат кылып, бирок, анын сообун жок кылуу акылдуу адам кыла турган иш эмес.

Ал эми орозо кармап күнөө кылгандар менин орозом татыктуу эмес деп орозону таштабоолору керек, орозосун улантып, Аллаху тааладан жалбарып кечирим сурап, кылган күнөөлөрүнөн баш тартуулары керек. Имам Раббани хазрети мындай дейт: “Аллаху таала лутуф, ихсан кылып, напси ыйман келтирип, Ислам динин кармануу сыймыгына ээ болгондо, чыныгы Исламга жетип, ыймандын акыйкаты пайда болот. Андан кийин жасала турган нерселердин баары Исламдын акыйкаты болот. Намаз окулганда, намаздын акыйкаты окулган болот. Орозо кармалганда орозонун акыйкаты кармалган болот. Исламияттын бардык өкүмдөрүнө баш ийүү да дайыма ушундай болот.”

Сеййид Бурханеддин Тирмизи хазреттери шакирттерине кайрылып мындай дейт: “Орозо – даанышмандык казыналарынын ачкычы. Орозо кармоо жүрөктүн риккатка келишине себеп болот жана орозолуунун дубасы Аллаху тааланын алдында кабыл болот. Аллаху таалага алып баруучу орозодон да жакшыраак унаа жок. Орозонун Аллаху тааланын алдында чоң кадыры бар. Эгерде адам бардык кулчулук милдетин аткарып, бирок, ашказанын толтурса эч жерге жете албайт. Орозону татыктуу түрдө кармаса башка кулчулук милдеттеринде кемчилик болсо дагы бир жерге жетет.”

Шах Велийуллахи Дехлеви хазреттери дагы мындай дейт: “Адамдын напси чектен ашканда кээ бир чараларга кайрылуу керек. Орозо бул жагынан эң жакшы чара. Адам орозо кармоо аркылуу кумарын сындырат. Орозо адамдын жаман каалоолорун алсыратат. Рухтун нурлануусуна, кумардын жана жаман каалоолордун сынуусуна орозодон өткөн таасирдүү чара жок. Орозо кармоо менен адам кумар жана жаман каалоолорунан канчалык арыла алса орозо ошончолук анын күнөөлөрүнө каффарат болот.”

Комментарий жиберүү