Суроо: Кээ бир адамдар: “Намаз окубаган, ичкилик ичкен, ачык кийинип жүргөн же башка күнөө кылгандар бекер эле орозо кармашпасын”, – деп айтышат. Бул сөз туурабы?
ЖООП: Жок, динге каршы келген сөз. Бир канча күнөө кылган адамдын сөзсүз эле калган күнөөлөрдү да кылуусу керек эмес. Орозо кармап, ошол эле убакта күнөө кылган адам орозо кармоо менен пайда болчу чоң соопко ээ боло албайт, бирок, акыретте “эмне үчүн орозо кармабадың” делип эсепке тартылбайт. Орозо карызын өтөгөн болот, жада калса, орозонун берекеси менен башка күнөөлөрдөн дагы арылууга мүмкүнчүлүк болот. Имам Раббани хазреттери буюрууда:
“Бардык күнөөлөргө тообо кылып, бардыгынан качуу чоң нимат. Муну кыла албаса кээ бир күнөөлөргө дагы тообо кылуу нимат. Булардын берекети менен балким бардык күнөөлөргө тообо кылуу насип болот. Бир нерсе толугу менен колго тийбесе бардыгын тең колдон чыгарып жибербөө керек.”
Намаздын динибиздеги орду орозого караганда дагы да маанилүү болгону менен бир адамга намаз окубагандыгы үчүн “орозо да кармаба” деп айтууга болбойт. Тескерисинче, “Намазыңды окубасаң жок дегенде орозоңду таштаба” делүүсү керек. Намаз окубоо менен чоң күнөөгө кирген адам орозо кармабаса күнөөсү дагы да көбөйөт.
Бир нече күнөөгө баткан адам биринен баш тарткысы келсе ага: “Калгандарын таштабагандан кийин бул күнөөңдү да уланта бер” деп айтуу туура эмес. Күнөөсү канчалык азайса ошончолук жакшы болот. Аллахтан коркуп бир күнөөдөн баш тартуу ыймандын белгиси. Хадиси шарифте: “Өмүрүндө бир жолу Аллахты эстеген же Андан корккон мусулман Жаханнамдан чыгат”, – деп айтылды. (Тирмизи)
Күнөө кылган адам орозо кармап же зекетин берип жаткан болсо: “Абайла, буларды колдон чыгарып алба” деш керек! Бул ибадаттарды да орундабаса динден толугу менен алыстап кетиши мүмкүн. Коркутуудан көрө сүйүнчүлөгүч болуу керек. Пайгамбарыбыз алейхиссалам: “Аллахтын ырайымынан үмүт үздүрүп, динден жийиркенткендерге лаанат болсун! Жеңилдеткиле, кыйындатпагыла”, – деп буюрган. (Бухари)
Бир жаш жигит Пайгамбарыбызга алейхиссалам: “Бул үч күнөөнү таштай албай жатам”, – деди. Ал үч күнөө – жалган, зина жана ичкилик. Расулуллах алейхиссалам: “Бул үч күнөөдөн жалганчылыкты мен үчүн ташта”, – деп буюрду. Ал жаш жигит муну кабыл кылып кетет. Кийин калган эки күнөөнү кылгысы келгенде: “Бул күнөөлөрдү кылып Расулуллахтын каршысына чыкканда “Мен кылбадым” десем жалган айткан болом. Эгер кылгандыгымды айтсам мени жазаландырат” деп ойлонот. Калган эки күнөсүнөн да баш тартат. (Шира)
Калимаи шахадатты тил менен айтып көңүлү менен тастыктаган адам – мусулман. Күнөө кылган адам мусулмандыктан чыккан болбойт. Бир хадиси шарифте айтылды:
“Жабраил алейхиссалам: “Үммөтүңө сүйүнчүлө, мушрик болуп өлбөгөн Жаннатка кирет”, – деди. Мен “Зина жана уурулук кылган дагы Жаннатка киреби?” деп үч жолу сурадым. “Ооба, зина жана уурулук кылган дагы Жаннатка кирет”, – деди. Кийин: “Ичкилик ичсе дагы акыры Жаннатка кирет”, – деди.” [Бухари]
Бул – Ахли сүннөт ишеними. Болбосо, күнөөлөрдү жеңил көргөндүк эмес. Бул ишеним адамды күнөөгө алып барбоосу керек! Ар күнөө көңүлдү карайтат, адамды ыймансыздыкка жетелеп, Жаханнамда түбөлүк калууга себеп болушу мүмкүн. Ар бир күнөөдөн качуу керек, себеби, Аллахтын гадабы (каары) күнөөлөрдүн ичинде катылуу. Белам-ы Баура көп ибадат кылган чоң аалым болуп туруп бир күнөөсүнүн айынан ыймансыз өлдү. Күнөө кылган адам дароо тообо кылуусу керек! (К.Саадат)