Израиль аскерлеринин Орозо айында Аль-Акса мечитине бастырып кириши. Видео

 Бир катар мусулман өлкөлөрү Израиль күчтөрүнүн Иерусалимдеги Аль-Акса мечитине кол салуусун расмий түрдө айыпташты. Израилдик аскелер менен палестиналыктардын кагылышуусу  5-апрелге караган түнү башталып, эки күндөн бери уланууда.  Мусулмандар үчүн анын мааниси азыр болуп көрбөгөндөй жогору, анткени мечитке кол салуу ыйык Рамазан айында болууда. 

Палестинанын WAFA агенттиги өз булактарына таянып, Аль-Акса мечитинде Израилдин коопсуздук күчтөрү менен кагылышууда ондогон палестиналык жарадар болгонун маалымдады.

Кийинчирээк Almayadeen агенттиги жаракат алган палестиналыктардын саны 100гө жеткенин маалымдады.

Булактардын маалыматына караганда, 4-апрель күнү кечинде Израиль аскерлери мечитке бастырып кирип, ал жердеги палестиналыктарга кол салып, аларга каршы жарык-үн чыгаруучу гранаталарды, уулуу газ, желим окторду жана дубинкаларды колдонушкан.

Associated Press агенттиги жарыялаган видеодон Аль-Акча мечитинин ичи коюу түтүнгө толгонун, израилдик күчтөр палестиналыктарды желим ок менен атып, алардын колдорун толгоп кармап кетип бара жатканын көрүүгө болот.

Палестиналык туткундардын иштери боюнча комитеттин басма сөз катчысы Рияд аль-Ашкар Израиль Аль-Аксадагы рейддин натыйжасында 200дөн ашуун палестиналыкты кармаганын журналисттерге билдиргенин РИА Новости жазды. Анын айтымында, кармалгандар Израилдин Иерусалимдеги Аната аскерий базасына жеткирилген. Ал эми Израил полициясы кечээ, 5-апрелде Аль-Аксадагы рейддин натыйжасында 350 кишини кармаганын билдирди.

Аль-Аксада жаракат алган палестиналыктардын бир тобу тез арада дарыланууга муктаж экенин айткан Аль-Ашкар Израиль аларга медициналык жардам көрсөтүүдөн же ооруканаларга которуудан баш тартып жатканын кошумчалады.

Палестиналык маалымат каражаттары рейдден кийин Батыш жээктеги бир катар шаарларда демонстрациялар башталганын билдиришти. Палестинанын премьер-министри Мохаммед Штайе Аль-Акса мечитинде болуп жаткан окуялар «намаз окуучуларга каршы чоң кылмыш» экенин баса белгиледи.

Израилдин аракеттерин Иран, Түркия, Иордания жана Египет айыптады.

Иран

Иран Израиль полициясынын Аль-Акса мечитине жасаган чабуулун катуу айыптады. Өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Насер Канани Израилдин күчтөрүнүн аракеттерин адам укуктарына каршы кылмыш деп атаганын ИРНА агенттиги маалымдады.

«Сионисттик режимдин аскерлеринин палестиналык зыяратчыларга жана мечиттеги динчил адамдарга ырайымсыз кол салуусу бул режимдин адам укуктарына каршы кылмыштарынын ырайымсыз мүнөзүн дагы бир жолу бүткүл дүйнөнүн көз алдында көрсөттү», – деп жазды ал Твиттердеги баракчасына.Анын айтымында, Аль-Акса мечитине жасалган рейдге “Ислам дүйнөсү, дүйнөнүн эркин адамдары жана жооптуу эл аралык уюмдардын” тез арадагы реакциясы талап кылынат.

Түркия

Анкара Израилдин коопсуздук күчтөрүнүн Аль-Акса мечитиндеги аракеттерин айыптайт жана аларды кабыл алынгыс деп эсептейт. Бул тууралуу Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө айтылат, деп жазат Anadolu.

Тышкы иштер министрлиги мусулмандардын ыйык Рамазан айында динчилдерге кол салууну кабыл алынгыс деп атады. Ведомство Израилди кырдаалды курчутуучу кадамдардан баш тартууга чакырды.Түркиянын вице-президенти Фуат Октай да мусулмандарга жасалган зомбулукту айыптады. Анын айтымында, Израиль «Иерусалимдин тарыхый статусун күч менен өзгөртүүгө аракет кылууда».Түрк парламентинин төрагасы Мустафа Шентоп өз кезегинде Израилдин коопсуздук күчтөрүнүн аракеттерин «үрөй учурарлык» деп атады.«Биздин милдетибиз бул адамгерчиликсиз мыкаачылыктарды айыптоо жана Палестина элинин укуктун ишин колдоо, алардын жанында болуу», – деди Шентоп.

БУУ

БУУнун Жакынкы Чыгыш боюнча атайын координатору Акса мечитиндеги зомбулукту айыптады. Бул тууралуу уюмдун расмий сайтында айтылат.

Мусулмандар үчүн ыйык мезгил – Рамазан айы жана сыйынуучу жайлар коопсуз жана бейпил болушу керек, деди  БУУнун Жакынкы Чыгыштагы тынчтык процесси боюнча атайын координатору Тор Веннесленд.

«Аль-Акса мечитиндеги зомбулук үрөйүмдү учурду. Израилдин коопсуздук күчтөрү палестиналыктарды сабап, кармап  жатканына тынчсыздануудамын», – деген Веннесленд.

Ал ошондой эле палестиналыктардын мечиттердин ичине таш жыйып, фейерверк атууларына да каршы экенин билдирди. Буга чейин бир катар ЖМКлар Аль-Акса мечитиндеги куралсыз палестиналыктар израилдик аскерлердин кол салууларына таш ыргытып, фейерверг атып жооп кайтарып жатышканын кабарлашкан.

Араб өлкөлөрүнүн Лигасы чукул жыйын өткөрөт

Израиль күчтөрүнүн Аль-Акса мечитиндеги аракеттерине байланыштуу Араб өлкөлөрүнүн Лигасы бүгүн чукул жыйын өткөрөрүн ИРНА агенттиги араб маалымат каражаттарына шилтеме берип жазды.

Ливандын Al Mayadeen каналынын маалыматына караганда, 5-апрелде Иордания Аль-Акса мечитинде болгон окуяларга байланыштуу Араб өлкөлөрүнүн лигасынын туруктуу өкүлдөрүнүн деңгээлинде чукул жыйын өткөрүүгө чакырган.

Королдуктун Тышкы иштер министрлиги Иордания араб өлкөлөрү менен координацияда коркунучтуу эскалацияны токтотуу үчүн бардык чараларды көрө турганын белгиледи.

Комментарий жиберүү