Талашка түшкөн Иерусалимдин (Куддустун) 9 артыкчылыгы

Палестинада орун алган акыркы окуялар бүткүл үммөттүн жүрөгүн орутууда. Эмне себептен мусулмандар үчүн Куддус ыйык эсептелинет? Иерусалимдин Исламдагы орду кандай? Алдыда бул суроолордун жообун табасыз.

1. Иерусалим – бардык пайгамбарлар жана периштелердин изи түшкөн жер.

Иерусалимде Ибрагим, Исхак, Якуб, Муса, Дауд, Лут, Аюб, Сулайман, Закария, Яхья, Иса (аларга Аллахтын тынчтыгы болсун) пайгамбарлар жашашкан. Ошондой эле айрым сахабалардын сөөктөрү коюлган.

2. Иерусалим – Мекке жана Мединадан кийинки ыйык эсептелген жер.

3. Куддуста Исламдагы ыйык мечиттердин бири Аль-Акса жайгашкан. Аль-Акса – мусулмандардын биринчи кыбыласы, момундар алгач бул мечитке түздөнүп намаз окушкан.

4. Иерусалимдеги Аль-Акса мечитинде пайгамбарыбыз Мухаммед ﷺ миражга көтөрүлгөн. “Харам мечитинен белгилерибизден ага көрсөтүү үчүн айланасын Биз кут даарыткан Акса мечитине, түн ичинде пендесин сейил жасатканга аруулук! Акыйкатта, Ал Угуучу, Көрүүчү (Исра сүрөсү, 1-аят)

5. Аль-Акса мечитине Аллахтын бардык пайгамбарлары чогулуп, бирге намаз окушкан. Намазга Мухаммед пайгамбарыбыз ﷺ имамчылык кылган.

6. Кыяматка жакын Иса пайгамбар Куддустан алыс эмес жерде Дажжалды жеңет. Бул жөнүндө хадис келет: “Марьямдын уулу Дажжалды Лутта өлтүрөт” (Муслим).

7. Иерусалим – кыямат күнү адамдардын баары чогулуп, сурак бере турган жер. “Оо, Алланын элчиси, бизге Иерусалим тууралуу айтып берчи”, -деп сурашканда, пайгамбарыбыз Мухаммед ﷺ: “Бул жер баары чогулуп, сурак бере турчу жер”, – деген.

8. Аллах Таала Аль-Куддуска мураскер болуу бактысын мусулмандарга ыроологон. Мусулмандар дээрлик 12 кылым бою (айрым кыска мезгилдерди кошпогондо) Иерусалимде бийлик жүргүзүшкөн. Куранда айтылат:

“Ал силерди (ыйык) жерге орун басар кылды. Силерди брген нерселери аркылуу сыноо үчүн айрымдарыңарды жогорку даражага көтөрдү. Акыйкатта,Эгең жаза берүүдө өтө тез. Чындыгында, Ал Кечиримдүү жана Мээримдүү” (“Анам” сүрөөсү, 165-аят).

9. Пайгамбарыбыз ﷺ Куддуста жайгашкан Аль-Акса мечитинде окулган намаздын сообу башка мечитте окулган намазга караганда (Харам жана Набави мечитин кошпогондо)500 эсе көп экендигин белгилеген. Аллахтын элчиси ﷺ айткан: “Эгер дүйнөнүн каалаган жерине саякаттаганы турсаң, Иерусалимдеги мечитти биринчи орунга кой».

Комментарий жиберүү