Мусулмандар Палестинага кантип жардам бере алышат?

“Биз жөнөкөй мусулман болсок, Палестинадагы бир туугандарыбызга кантип жардам беребиз?” – деп ойлошуңуз мүмкүн. Бирок ар бир мусулман аларды колдоп, жардамын көрсөтө алат.

1. Чын жүрөктөн дуба кылыңыз

Дуба – мусулмандын куралы. Бул нээматты баалап, көбүрөөк бир туугандарыбыз үчүн дуба кылыңыз. Палестинадагы бир туугандарыбызга жеңилдик беришин Аллахтан жалынып-жалбарып сураныңыз. Аллах гана абалды өзгөртөт. Аллах Таала жардам берсе, эч ким мусулмандарга зыяндык кыла албайт.

2. Тарыхты окуңуз

Пайгамбарыбыздын ﷺ Куддус жөнүндө айткан хадистерин окуп, Иерусалимдин тарыхын изилдеңиз. Ыйык жердин тарыхын билмейинче, Куддустун Исламдагы ордун толук түшүнө албайбыз.

3. Үй-бүлөңүзгө Палестинанын маанилүүлүгүн айтып бериңиз

Иерусалимдин (Куддустун) Исламдагы орду жана тарыхый мааниси тууралуу маалыматты үй-бүлөңүзгө, жакындарыңызга жеткириңиз. Аларга ыйык жерлердин маанилүүлүгүн түшүндүрүңүз.

4. Палестинаны колдогон маалыматтарды таркатыңыз

Көпчүлүк мусулмандардын Палестина боюнча маалыматы жоктугу бизди өкүндүрөт. Куддустагы бир туугандарынын кыйналып жатканын билбеген мусулмандан эмнени күтөбүз? Азыр маалыматтын заманы болгондуктан, информацияны таркатуу негизги ролду ойнойт. Жок дегенде, Палеестинаны колдогон маалыматтарды социалдык баракчаңыздан бөлүшүңүз.

Комментарий жиберүү