Иран парламентинин төрагасы Мохаммад Багер Галибаф АКШ менен түзүлгөн өз ара түшүнүшүү тууралуу макулдашуунун кайсы бир бөлүгү бузулса, Иран сөзсүз жооп кайтарарын билдирди.
Анын айтымында, макулдашуунун алгачкы беш пункту толук аткарылмайынча кийинки пункттарды ишке ашыруу башталбайт. Ал белгилегендей, Ливандагы согуштун токтотулушу бул милдеттенмелердин эң маанилүү бөлүгү болуп саналат.
Галибаф телеканалга берген маегинде соңку куралдуу жаңжалды Иранга каршы жүргүзүлгөн «үчүнчү таңууланган согуш» деп атап, өлкө өтө кеңири географияны камтыган согушка туш болгонун айтты. Ошондой эле ал «каршылык көрсөтүү огу» Түштүк Ливандан тартып Йемен менен Иракка чейин созуларын белгиледи.
Парламент төрагасы Ормуз кысыгы аркылуу өткөн кемелер Иран белгилеген тартипке ылайык жүрүүгө тийиш экенин айтты. Ал Перс булуңундагы акыркы окуяларды согушту токтотуу тууралуу макулдашуунун бузулушу катары баалап, мындай аракеттерге Тегеран жооп кайтарарын билдирди.
Галибафтын айтымында, ок атышууну токтотуу режими акыркы жолу бузулганда Бахрейн менен Кувейттеги америкалык объектилер бутага алынган. Ал Иран сүйлөшүү жолун улантууга даяр экенин, бирок экинчи тарап милдеттенмелерин аткарбаса, Тегеран аскердик каршылык көрсөтүүгө даяр экенин билдирди. Анын айтымында, макулдашуунун кийинки пункттарын аткаруу биринчи беш пунктту толук ишке ашуусунан кийин гана мүмкүн болот.
Галибаф сөзүнүн дагы бир бөлүгүндө Ливан маселесине токтолуп, АКШ бул макулдашууга ылайык Ливандагы согушту токтотууга, тургундардын өз аймактарына кайтып келишине шарт түзүүгө жана өлкөнүн мамлекеттик эгемендүүлүгүн бекемдөөгө милдеттенгенин айтты. Ал муну «чоң жеңиш» деп атап, Иран анын аткарылышын көзөмөлдөп жатканын белгиледи.
Ошондой эле ал Ливандын мамлекеттик эгемендүүлүгү боюнча маселелерди көзөмөлдөө үчүн Иран, АКШ жана Ливандын катышуусунда биргелешкен комитет түзүлгөнүн билдирди. Анын айтымында, бул комитетте Ирандын өкүлү катары өлкөнүн элчиси иш алып барат. Галибаф Израил макулдашууга кол коюлгандан кийин Ливанга кеңири масштабдагы чабуул жасап, стратегиялык аймактарды басып алуу аркылуу келишимди үзгүлтүккө учуратууга аракет кылганын айтты.
Парламент төрагасы АКШ колдогон Ливан менен Израилдин макулдашуусун дагы сынга алып, анын негизги максаты “Авраам келишимдерин” ишке ашырып, Ливан менен Израилдин мамилесин нормалдаштыруу экенин билдирди. Анын айтымында, Иран колдогон макулдашуу болсо Ливандын көз карандысыздыгын сактоого багытталган. Ошондой эле Ливандагы согушту токтотууга байланыштуу беренеге каршы кандай гана аракет болбосун, Тегеран жооп кайтарарын эскертти.
Галибаф Иран буга чейин да Ливандагы Израилдин аракеттерине жооп катары ракеталык соккуларды жасаганын айтып, өлкө сүйлөшүү жолун артык көрөрүн, бирок макулдашуу ишке ашпай калса, аскердик күч колдонорун белгиледи.
Ал Ирандын коргонуу мүмкүнчүлүктөрүнө токтолуп, бул макулдашуунун аткарылышына кепилдикти БУУнун Коопсуздук кеңеши эмес, Ирандын Куралдуу күчтөрү камсыз кыларын айтты. Ошондой эле өлкөнүн ракеталык жана аскердик потенциалы, аймактагы союздаштарына көрсөткөн колдоосу жана уран байытуу укугу сүйлөшүүлөрдүн предмети болбой турганын белгиледи.
Деңиз маселесине байланыштуу Галибаф АКШнын Иранга каршы деңиз блокадасы токтотулганын билдирди. Анын айтымында, макулдашууга ылайык АКШ Иранга карата коюлган тоскоолдуктарды жоюуга милдеттенген жана бул процесс 30 күндүн ичинде аякташы керек. Ал ошондой эле бул чектөөлөр алынгандан кийин Иран 40 миллиондон ашык баррель мунай экспорттогонун билдирди.
Мындан тышкары, ал Ормуз кысыгынын үстүнөн эгемендик Иран менен Оманга таандык экенин айтып, бул суу жолу аркылуу кемелер Иран белгилеген тартип боюнча өтүшү керектигин белгиледи. Анын айтымында, Тегеран бул стратегиялык суу жолундагы укуктарынан эч кандай шартта баш тартпайт.
Экономикалык маселелерге токтолгон Галибаф мунай сатууга коюлган чектөөлөр алынганын жана Иран азыр мунайды мурдагыдан жогорку баада экспорттоп жатканын айтты. Ошондой эле ал бошотулган ирандык активдердин бир бөлүгү Борбордук банкка өткөрүлүп, өлкөгө керектүү товарларды сатып алууга жумшаларын билдирди.
Галибафтын билдирүүлөрү Тегеран бул меморандумду толук кандуу саясий келишим катары эмес, белгилүү милдеттенмелер аткарылган шартта гана күчүнө кире турган документ катары карап жатканын көрсөтөт. Ошол эле учурда Иран менен АКШнын ортосундагы негизги пикир келишпестиктер — ракеталык программа, аймактык саясат жана Израил менен болгон мамилелер маселеси боюнча өзгөрүүсүз бойдон калууда.