Орусиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев Ирандын жогорку лидери Али Хаменеини акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышуу үчүн Тегеран шаарына барат.
Бул тууралуу Ирандын Орусиядагы элчиси Казем Жалали ISNA маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.
«Орусия Федерациясынын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары, мурдагы президент жана премьер-министр Дмитрий Медведев президент Владимир Путиндин атайын өкүлү катары Тегеранда Ислам революциясынын шейит болгон лидери менен коштошуу аземине катышат», — деди ал.
Жалалинин айтымында, расмий иш-чарага ошондой эле Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин делегациясы, Орус православ чиркөөсүнүн өкүлдөрү, орусиялык сунний муфтийлердин тобу жана өлкөнүн бир катар шийит аалымдары да катышат.
Анын белгилешинче, орусиялык саясий жана диний ишмерлердин тажига катышуусу Иран менен Орусиянын ортосундагы байланыштардын жана кызматташтыктын терең экенин көрсөтөт.
Ирандын жогорку руханий лидери аятолла Али Хаменеи үстүбүздөгү жылдын 28-февралында АКШ менен Израилдин Иранга каршы баштаган аскердик аракеттеринде шейит болгон.
Ал каза болгондон кийин Ирандын жогорку лидери кызматына анын уулу Можтаба Хаменеи шайланган. Ал 28-февралдагы кол салуудан жаракат алып, ошондон бери коомчулук алдына чыга элек.
Буга чейин Иран бийлиги мурдагы жогорку лидер менен коштошуу жана аны жерге берүү иш-чаралары 3–9-июль күндөрү өтөрүн маалымдаган.
Маалыматка ылайык, Тегерандагы коштошуу аземи жана жаназа жүрүшү 4–6-июль аралыгында өтөт. 7-июлда иш-чара Кум шаарында уюштурулса, 8-июлда Ирактын Нажаф жана Кербала шаарларында уланат. Ал эми 9-июлда Мешхед шаарында маркумду жерге берүү зыйнаты өтөт.
Чет мамлекеттердин башчылары, жогорку кызматтагы расмий өкүлдөр жана чет өлкөлүк делегациялар катыша турган негизги расмий азем 3-июлда Тегеран шаарында өтөрү күтүлүүдө.