Америкалык The Hill басылмасынын Иран менен АКШнын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга арналган баяндамасында: «Бул согуш Американын стратегиялык алсыз жактарын ачыктап эле койбостон, Кытай, Россия жана Түндүк Корея сыяктуу атаандаштарына каршы турууда өлкөнүн аброюн жана ооздуктоочу мүмкүнчүлүгүн да төмөндөттү», – деп айтылат.
Pars Today агенттиги IRNAга шилтеме берүү менен билдиргендей, The Hill жакында Иран менен АКШнын ортосунда болгон согуштун кесепеттери тууралуу жарыялаган макаласында Тегеран менен Вашингтондун ортосунда түзүлгөн ок атышууну токтотуу тууралуу келишим АКШнын жана жалпы Батыштын кызыкчылыктарына ылайык келбейт деген баа берген.
Басылма согуштун эң маанилүү кесепети катары АКШнын стратегиялык атаандаштары — Кытай, Россия жана Түндүк Корея тарабынан Вашингтонго болгон ишенимдин төмөндөшүн атаган. Макалада бул өлкөлөр «Дональд Трамптын администрациясынын узак мөөнөттүү жаңжалдарды улантууга жетиштүү мүмкүнчүлүгү да, саясий эрки да жок» деген жыйынтыкка келгендиги белгиленет.
Украина, Венесуэла жана Ирандагы кырдаалдарга токтолгон The Hill басылмасы Трамптын администрациясынын аракеттери узак мөөнөттүү кризистерди башкарууда ырааттуулук менен туруктуулук жетишсиз экенин, атүгүл түздөн-түз согушка алып келбеген жагдайларда да бул байкаларын белгилеген.
Талдоонун дагы бир бөлүгүндө Иран менен болгон согуш АКШнын жана Батыш өлкөлөрүнүн экономикасы деңиз жолдорундагы коркунучтарга канчалык деңгээлде алсыз экенин да көрсөткөнү айтылат.
The Hill басылмасынын маалыматына ылайык, Ормуз кысыгы дүйнөлүк энергетикалык ресурстарды ташууда өзгөчө мааниге ээ болгондой эле, Тайвань кысыгы Азияда өндүрүлгөн товарлар менен жабдуулардын, айрыкча Тайванда чыгарылган алдыңкы микрочиптердин болжол менен 20 пайызы ташылуучу негизги маршрут болуп эсептелет. Бул деңиз жолдорундагы кандай гана үзгүлтүк болбосун дүйнөлүк экономиканы олуттуу кризиске кептеши мүмкүн.