Малайзия Палестинага бейпил күчтөрүн жөнөтүшү мүмкүн

Малайзия Израил менен болгон жаңжалда Палестинаны колдоо үчүн бул өлкөгө куралдуу күчтөрүн жөнөтүүгө даяр, бирок ал үчүн бул чечимди жаңжал чөлкөмүндөгү өлкөлөр колдошу керек.

Бул тууралуу Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим билдиргенин малайзиялык Bernama агенттигине шилтеме берүү менен РИА Новости жазды.

Премьер-министр дүйшөмбү күнү «Малайзиянын куралдуу күчтөрүн Палестинага жайгаштыруу (тынчтык орнотуу же гуманитардык миссиялар үчүн) коңшу мамлекеттер орток консенсуска жеткенден кийин гана ишке ашырылышы мүмкүн» экенин баса белгиледи.

Анын айтымында, бул консенсус болбосо, малайзиялык бейпилдик күчтөрүнүн учактарына Палестинанын аймагына ​​конууга уруксат берилбейт.

Ал ошондой эле бардык малайзиялыктарды жана өлкөнүн мусулман коомчулугун Израиль режими тарабынан кысымга алынган бардык палестиналыктардын коопсуздугу үчүн дуба кылуу үчүн чогулууга чакырды.

Малайзия палестиналык ХАМАС кыймылы менен көп жылдан бери байланышта. Тактап айтканда, Малайзия 2020-жылы уюмдун жогорку даражалуу лидерлерин кабыл алган.

Ошол эле учурда премьер-министр «Малайзия куралдуу күчтөрдү жиберүүдөн баш тартты деген айрым топтордун» дооматтарын да четке какты.

Жакынкы Чыгыштагы кырдаал 7-октябрда Газа тилкесинен ХАМАС Израилге каршы операция баштап, ракеталык чабуул жасагандан кийин кескин курчуду.

ХАМАС бул чабуулду Израиль бийлигинин Иерусалимдеги Аль-Акса мечитине каршы аракеттерине жооп катары баалашты. Израиль Газа тилкесин толук блокадага алганын жарыялап, Газага жана Ливан менен Сириянын айрым аймактарына да сокку ура баштады. Газада 2800дөн ашуун палестиналык набыт болуп, жарадар болгондор 10 миңден ашты. Израил тараптан 1,5 миңге жакын адам кагылышуунун курмандыгы болуп, дээрлик 4 миңи жарадар болду.

Учурда Израиль Газадагы ХАМАСты жок кылуу үчүн кургактагы операцияга кам көрүүдө. Израиль армиясы 13-октябрда бир миллиондон ашык жай тургунга Газанын түштүк тарабына эвакуацияланууга убакыт берген. БУУнун палестиналык качкындарга жардам көрсөтүү агенттиги (UNRWA) Израилдин аткылоосунан улам Газа тилкесиндеги 1 миллиондон ашык адам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болгонун маалымдаган.

Комментарий жиберүү