Иран Израилдин Газадагы кургактагы операциясын «кызыл сызык» деп атады

Израилдин Газа тилкесинде кургактагы операциясын башташы Иран үчүн “кызыл сызык” болот, бул “жаңы фронттордун ачылышына” алып келет.

Бул тууралуу Ирандын улуттук коопсуздук жана тышкы саясат боюнча парламенттик комиссиясынын биринчи орун басары Эбрахим Азизи билдиргенин ISNA агенттиги жазды.

Израиль учурда Газадагы ХАМАСты жок кылуу үчүн кургактагы операцияга кам көрүүдө.

«Израиль Газага басып кирүү кызыл сызык экенин түшүнүшү керек», — деди Азизи.

Анын айтымында, эгер Израиль кургактан операция жүргүзүүнү чечсе жана Газага ракеталык чабуулдарды токтотпосо, анда ал «азыркыдай бир эле эмес, өзүнө каршы жаңы согуштук фронттордун пайда болушун күтүшү керек болот».

Иран ХАМАСтын Израил менен жаңжалы башталгандан кийин Палестинаны колдоорун билдирип, израилдик тарапты Газа тилкесинде кургактагы операциялардан баш тартууга чакырды.

Буга чейин Тегерандын БУУдагы туруктуу өкүлчүлүгү Израиль Газада кургактагы операциясын баштаса Ирандын армиясы Ислам Республикасынын аймагына чабуул жасалбаса, согушка аралашпай  турганын билдирген.

Ислам Республикасынын тышкы иштер министри Хоссейн Амир Абдоллахиан Катардын Эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани менен Дохада болгон жолугушуусунда, эгер Израиль Газа тилкесиндеги  жарандык калкына сокку урууну уланта берсе, жаңжалдын масштабы кеңейиши мүмкүн экенин билдирген.

Абдоллахиан башка өлкөлөргө сабырдуу болууга кеңеш берген Америка Кошмо Штаттары Израилге колдоосун арттырганын белгилеп, деэскалацияга кызыкдар тараптар Израилдин Газа тилкесине жасаган соккуларын токтотушу керек экенин айткан.

Комментарий жиберүү