ХАМАСтын чабуулу Израилдин 75 жылдык кылмыштарына жооп болду

Израиль режиминин Ливан, Сирия, Египет жана Иордания элдерине каршы түрдүү согуштары, коңшулаш жерлердин бир бөлүгүн басып алуусу, Газадагы Палестина элинин курчоосу, Иордан дарыясынын батыш жээгине мыйзамсыз конуштарды курушу, Аль-Акса мечитин жана христиандардын ыйык жерлерин кордоосу, расалык басмырлоо саясаты жана журналисттерди өлтүрүүсү бул сионисттик режимдин кылмыштарынын бир бөлүгү гана.

Бул тууралуу Иран парламентинин спикери Мохаммад Багер Галибаф 16-октябрь күнү онлайн режиминде өткөн 14 ислам өлкөсүнүн парламенттеринин төрагаларынын кезексиз жыйынында билдирди.

Ал Палестинанын каршылык көрсөтүү кыймылынын (ХАМАСтын — ред.) акыркы операцияларында армиясын жеңилбес деп атаган Израиль ХАМАСтын ракеталарына жана «Аль-Акса топон суусу» операциясына туруштук бере албаганын белгиледи. Анын айтымында, израилдик режимдин бул аскердик жана чалгындоо тармагындагы ийгиликсиздигинен тышкары, коопсуздук түзүмүнө терең соккулар урулду жана аларды калыбына келтире алышы күмөн.

«Бул операция сионисттик режимдин Палестина элине каршы 75 жылдык зулумдугуна жана кылмышына табигый жооп болду жана аймактан алыс жайгашкан өлкөлөр аймактагы окуялардан кабары жок болушу мүмкүн. Чындыгында, бул режим өзүн курмандык катары көрсөтүү менен Газа тилкесине жасаган чабуулун актай албайт», — деди Галибаф.

Ал белгилегендей, Газаны блокадага алуу менен бул аймакка суу, электр энергиясын жана азык-түлүк берүүнүн токтотулушу геноциддин ачык мисалы. Мындан тышкары, тыюу салынган фосфордук бомбаларды колдонуу эл аралык конвенцияларды бузат.

Галибаф Израилдин Газадагы кылмышы токтобосо кырдаал көзөмөлдөн чыгып кетиши мүмкүн экенин эскертти.

Ал соңку бир нече күндө дүйнө эли адамгерчилик эмне экенин билбеген израилдик режимдин палестиналыктарды айбан деп атап, карапайым калкты жана балдарды массалык жазалай турганын ачык айтуудан тартынбаганыны күбө болгонун кошумчалады.

«Газадагы кылмыштар тыйылбаса, кырдаал тез эле көзөмөлдөн чыгып кете турганын эскертебиз. Сионисттик режимдин Газага кириши тозок дарбазаларынын ачылышына себеп болушу мүмкүн жана ал бүт аймакты, ал тургай дүйнөнү да камтышы мүмкүн», — деди Иран парламентинин спикери.

Ал ошондой эле Украинадагы согуш дүйнөнүн саясий келечегин өзгөрткөнүн айтып, аймакта дагы бир согуштун чыгышы тарыхты бир нече сааттын ичинде өзгөртүшү мүмкүн экенин эскертти.

Мындан тышкары, Галибаф Израиль жыл сайын Американын аскерий бюджетинен кеминде 3,3 миллиард доллар аларын жана ал каражатты аскердик курал-жарак сатып алууга жана палестиналыктардын укуктарын бузууга жумшай турганын айтып, АКШ сионисттик режимге аскердик жардам көрсөтүүнү улантуу менен адам укуктарынын бузулушуна терең шериктеш болууда деди.

Ал Ислам өлкөлөрүнүн парламенттери АКШдан Газа боюнча саясатын өзгөртүүнү жана блокаданы токтотууну, ошондой эле Палестина элинин дары-дармек жана азык-түлүккө болгон чукул муктаждыктарын эске алуу менен палестиндерге гуманитардык жардам жөнөтүү үчүн Газага кирүү жолдорунун тез арада ачылышын талап кылышы керек деди.

Комментарий жиберүү