Президенттин  тапшырмасы менен Оогандык кыргыздарга жардам көрсөтүлдү

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Саламаттыкты сактоо министрлиги, Айыл чарба министрлиги, Тышкы иштер министрлиги жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен турган гуманитардык экспедиция Бадахшан провинциясына, ошондой эле Ооганстандын Кичи жана Улуу Памирине 2 тоннага жакын дары-дармектердин жана ветеринардык препараттардын партиясын жеткирди.

Педиатр, терапевт, стоматолог, гинекологдор бийик тоолуу шартта, 4200 метр бийиктикте жашаган боордошторду медициналык тешерүүдөн өткөрүп, үч күндүн ичинде 600дөн ашык муктаж болгон жергиликтүү тургунду дарылашты.

Ошондой эле ветеринарлар эпизоотиялык абалды изилдеп, 700дөн ашык бодо малды жана майда малды эмдөөдөн өткөрүштү.

Комментарий жиберүү