Муфтий баштаган аалымдар Палестинада курман болгондорго дуба кылды

Бүгүн, 18-октябрь күнү «Имам Сарахсий» мечитинде Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Замир кары Ракиев жетектеген муфтият жамааты, Абдиманап кары Масалиев баштаган Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрүнөн турган дин аалымдары Палестинада курман болгон мусулмандардын рухуна багыштап көптөгөн Куран хатмдарын түшүрүп, оор сыноого кабылган палестиндиктер үчүн дуба кылышты.

Муфтияттын маалымат кызматынан кабарлашкандай, ошону менен бирге аалымдар дүйнөнүн ар тарабында сел, жер титирөө сыяктуу табият кырсыктарынан жабыркаган мусулмандарга да Алла Тааладан жардам сурады.

Муфтий ушундай кезеңде Аллага жалбарып зикир кылуу керектигин, момун-мусулмандардын бири-бирине дуба кылуусу өтө зарыл экенин, тынчтык нээматынын маанисин айтып, Жараткандан жалпы үммөттүн амандыгын жана биримдигин тиледи.

Газада Израилдин чабуулунун кесепетинен 3300дөн ашуун палестиналык набыт болуп, жарадар болгондор 10 миңден ашты.

Кечээ кечинде Газа секторундагы «Аль-Ахли» ооруканасына жасалган соккуда эле 500дөй адам каза болду. Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, каза болгондордун көбү аялдар жана балдар. Палестинанын президенти Махмуд Аббас үч күндүк аза күтүү жарыялады.

Газанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү ооруканага кол салуу Израиль тарабынан жасалганын билдирген. Израиль айыптоолорду четке кагууда.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Газа секторундагы палестиналык жай тургундардын арасында көптөгөн курмандыктарга алып келген ооруканага жасалган аскердик соккунун кескин айыптады.

Жакынкы Чыгыштагы кырдаал 7-октябрда Газа тилкесинен ХАМАС Израилге каршы операция баштап, ракеталык чабуул жасагандан кийин кескин курчуду.

ХАМАС бул чабуулду Израиль бийлигинин Иерусалимдеги Аль-Акса мечитине каршы аракеттерине жооп катары баалашты. Израиль Газа тилкесин толук блокадага алганын жарыялап, Газага жана Ливан менен Сириянын айрым аймактарына да сокку урууда. Учурда Израиль Газадагы ХАМАСты жок кылуу үчүн кургактагы операцияга кам көрүүдө.

Комментарий жиберүү