NYT: Израил АКШдан $10 млрд жардам сурады

Израил АКШдан 10 миллиард долларлык чукул жардам көрсөтүүнү өтүндү. Бул тууралуу New York Times гезити үч аткаминерге шилтеме кылып жазды.

Мурдараак Ак үй Конгрессте Израил менен Украинага эки миллиард долларлык жардам бөлүү боюнча мыйзам долбоорун макулдашууну пландап жатканы кабарланган.

АКШнын Каржы министри Жанет Йеллен Израил менен  ХАМАС тобунун ортосундагы жаңжал Жакынкы Чыгыштагы туруктуулукка коркунуч келтиргендиктен, Американын экономикасы эки мамлекетке бир учурда колдоо көрсөтүүгө туруштук бере аларын билдирген.

The New York Times гезитинин жазганына караганда, конгрессмендер Израилдин абадан коргонуу системасы үчүн снаряддарды, артиллериялык ок-дарыларды жана бомбаларды жөнөтүүнү талкуулап жатышат.

Байдендин администрациясы Израилди колдоо үчүн аймакка эки учак конуучу кеме жана 2000 деңиз жөө аскерлерин камтыган тобун да жиберет. Бул тууралуу The Wall Street Journal Пентагондогу булактарына таянып жазды. Гезит алар согуштук аракеттерге катышпай турганын белгилеген.

АКШнын деңиз жөө аскерлери ал жерде эвакуацияга, медициналык жана гуманитардык жардамга колдоо көрсөтүшү мүмкүн.

Израилге жардам берүү маселеси АКШнын президенти Жо Байдендин 18-октябрга белгиленген сапары учурунда талкууланат.

Күн мурун АКШ президенти  Байден Израилдин Газаны оккупациялашы чоң ката болорун, палестин мамлекетин түзүү жолдорун издөө зарылдыгын белгилеген.

Комментарий жиберүү