Кыргызстан Газадагы ооруканага жасалган чабуулду айыптайт

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Газа секторундагы палестиналык жай тургундардын арасында көптөгөн курмандыктарга алып келген «Аль-Ахли» ооруканасына жасалган аскердик соккунун кескин айыптайт.

Бул туурасында ТИМдин расмий сайтында айтылат.

Ведомство эл аралык гуманитардык укуктун бузулушун ар тараптуу иликтөөгө чакырды.

«Жарандык калк менен жарандык инфраструктураны коргоо каралган эл аралык гуманитардык укуктун принциптери менен нормаларын сактоонун маанилүүлүгүн белгилейбиз. Буга байланыштуу жай тургундар арасында курмандыктарга жана зордук-зомбулукка жол бербөө максатында тараптарды чара көрүүгө жана согуштук аракеттерди тез арада токтотуп, тынчтыкка жетүү үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө чакырабыз», — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, ТИМдин билдирүүсүндө Кыргызстан Израиль-Палестина жаңжалын тынчтык жолу менен жөнгө салуу үчүн дүйнөлүк коомчулуктун аракетин Коопсуздук кеңеши менен БУУнун Башкы ассамблеясынын резолюциясына ылайык консолидациялоону колдой турганы белгиленет.

17-октябрь кечинде Газа секторундагы «Аль-Ахли» ооруканасына сокку урулуп, 500дөй адам каза болду. Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, каза болгондордун көбү аялдар жана балдар. Палестинанын президенти Махмуд Аббас үч күндүк аза күтүү жарыялады.

Газанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү ооруканага кол салуу Израиль тарабынан жасалганын билдирген.

Комментарий жиберүү