Кадыр Маликов Израилдин Газадагы ооруканага чабуулун “варвардык” деп атады

«Израилдин Газадагы ооруканага жасаган варвардык чабуулу — адамзатка каршы жасалган болуп көрбөгөндөй  оор кылмыш!».

Бул тууралуу кыргызстандык диний ишмер Кадыр Маликов өзүнүн соцтармактагы баракчасына жазды.

17-октябрь кечинде Газа секторундагы «Аль-Ахли» ооруканасына сокку урулуп, 500дөй адам каза болду. Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, каза болгондордун көбү аялдар жана балдар. Палестинанын президенти Махмуд Аббас үч күндүк аза күтүү жарыялады.

Газанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү ооруканага кол салуу Израиль тарабынан жасалганын билдирген.

Маликов Израиль бардык кызыл сызыктардан өткөнүн белгиледи.

«Учурда бүтүндөй дүйнө коомчулугу Израилдин 17-октябрда Газа секторундагы ооруканага жасаган варвардык чабуулуна шок болуп турат, анда 800дөн ашуун адам өлдү. Алардын көпчүлүгү күнөөсүз — аялдар жана балдар. Мен муну дүйнө коомчулугунун көз алдында адамзатка каршы максаттуу түрдө  жасалган эң төмөн кылмыш деп эсептейм», — деди диний ишмер.

Ал Эл аралык сот (Израилдин — ред.) армиясын жана өкмөтүн Нюрнбергдегидей аскер кылмышкерлери катары иликтеп, жоопкерчиликке тартышы керек деди.

«Палестиналык балдардын жана аялдардын өлүмүнө алып келерин билип туруп, жарандык объекттерге  атайылап жасалган чабуулдар Израилдин адамдык баалуулуктардан жана гумандуулуктан ажыраган чыныгы жүзүн көрсөтүп турат», — деп белгиледи Кадыр Маликов.

Анын айтымында, Израилдин гуманитардык укукту бузуусу жана адамзатка каршы кылмыштары көп жылдардан бери улантылып келет. Ошондой эле Газанын 2 миллионго жакын элин толук блокада алып,  бардык маанилүү ресурстарды, суу, электр энергия, күйүүчү май, цивилизациядан, азык-түлүктөн жана медицинадан ажыратып, азапка жана өлүмгө дуушар кылууда.

Ал белгилегендей, Израиль БУУну көзгө илбей, демонстрациялуу түрдө жарандык калкты “жамааттык жазалоону” ишке ашырып жатат – чындыгында бул Газанын бүткүл элин, анын ичинде балдарды жана аялдарды геноцид кылуу болуу саналат.

Маликов Израиль жазадан качуу үчүн Эл аралык кылмыш сотунун статутун ратификациялабаганын баса белгиледи.

«Израиль 75 жылдан бери палестиналыктарды өз жеринде террордоп келет. Газа тилкеси чындыгында 2 миллион киши үчүн ачык асман алдындагы концлагерь. Палестиналыктар аларга бирөө келип, үйүн, жерин же жашоо укугун тартып алышы мүмкүн деп ойлоп күн сайын коркуу менен жашашат», — деди ишмер.

Маликов учурда ар бир 15 мүнөт сайын палестиналык бала өлүп жатканын, азыркыга чейин 1030 бала өлгөнүн айтып, бул болжол менен ар бир 15 мүнөт сайын бир баланын өмүрү кыйылганын билдирет деди. ,

«Бул чыныгы  — геноцид жана адамзатка каршы кылмыш! Бул терроризм эмеспи? Мусулман болуунун  кереги жок, жүрөктөгү ооруну сезүү үчүн адам болуу гана маанилүү», — деп билдирди Кадыр Маликов.

Комментарий жиберүү