Газада ооруканага сокку урулду. Тараптар бири-бирин айыптоодо

17-октябрь кечинде Газа секторундагы «Аль-Ахли» ооруканасына сокку урулуп, 500дөй адам каза болду. Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, каза болгондордун көбү аялдар жана балдар. Палестинанын президенти Махмуд Аббас үч күндүк аза күтүү жарыялады.

Палестина менен Израиль чабуулга бири-бирин айыптап жатат.

Адамзатка каршы жасалган кылмыш

Газанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Газа тилкесиндеги ооруканага кол салуу Израиль тарабынан жасалганын билдирген.

Палестинанын президенти Махмуд Аббас ооруканага кол салууну Израилдин “аскердик кыргыны” деп атап, БУУнун Коопсуздук Кеңешин аны айыптоого чакырды.

«Израиль Газадагы ооруканага сокку уруу менен коркунучтуу аскердик кыргын жасады… Биз БУУнун Коопсуздук Кеңешин Израилдин аракеттерин айыптоого чакырабыз»,-деди Аббас видео кайрылуусунда.

Палестинанын Тышкы иштер министрлиги кол салууну аскердик кылмыш жана адамзатка каршы жасалган кылмыш деп атады.

«Жаңы аскердик кылмышты жана адамзатка каршы кылмышты жасап, Израилдин согуштук учактары Газа тилкесиндеги Аль-Ахли ооруканасына кол салышты», — деп айтылат вдомствонун X соцтармактагы баракчасында.

ХАМАСтын Саясий бюросунун башчысы Исмаил Хания ооруканага жасалган кол салуу үчүн жоопкерчиликти Израилге жардам берип жаткан АКШга да жүктөдү.

Израиль айыптоолорду четке кагууда

Израилдин i24 телеканалы Израиль армиясынын алгачкы иликтөөсү ооруканадагы жарылуу ХАМАСтын ракетаны туура эмес учуруп алганынан улам болгонун кабарлады. Кийинчерээк Израилдин армиясы окуяга «Ислам жихады» тобун айыптаган.

«Бизде бир нече булактардан алынган чалгындоо маалыматтары Газа тилкесиндеги ооруканага тийген ракетанын ийгиликсиз учурулганы үчүн «Ислам Жихады» тобу жооптуу экенин көрсөтүп турат», — деп билдирди ЦАХАЛдын маалымат катчысы  Даниэль Хагари.

Ошол эле учурда «Ислам Жихады» тобу Израилдин айыптоолорун четке какты.

«Биз душман тараптын айыптоосу жалган жана негизсиз экенин тастыктайбыз», — деп айтылат билдирүүдө.Жакында Израилди «бомбалардын жалыны» жалмайт. Эл аралык коомчулук эмне дейт?

Ирандын президенти Ибрахим Раиси Газадагы ооруканага жасалган чабуулду аскердик кылмыш деп атап, «америка-израилдик бомбалардын жалыны» жакында Израилди жалмай турганын билдирди.

«Газадагы ооруканада дарыланып жаткан бейкүнөө палестиналыктарга түн ичинде ташталган америкалык-израилдик бомбалардын жалыны сионисттерди жакында каптайт. Эркин адамдын мындай асердик  кылмышынын алдында унчукпай калышы кабыл алынгыс», — деп жазды Раиси X социалдык тармагында.

БУУнун Баш катчысы Антониу Гутерриш соккуну айыптап, медициналык мекемелер гуманитардык укукка ылайык коргоодо болушу керектигин белгиледи.

«Бүгүн Газа тилкесиндеги ооруканага жасалган кол салууда жүздөгөн палестиналык жарандардын набыт болушу үрөйүмдү учаратты, мен аны кескин айыптайм. Ооруканалар менен медициналык кызматкерлер  гуманитардык укук менен корголгон», — деп жазды Гутерриш Х соцтармагындагы баракчасына.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Аданом Гебрейесус ооруканага жасалган кол салууну катуу айыптап, жай жарандарды жана медициналык мекемелерди тез арада коргоого алууга чакырды.

«ДССУ Газанын түндүгүндөгү «Аль-Ахли» ооруканасына жасалган кол салууну катуу айыптайт», — деп айтылат уюмдун башкы директорунун X соцтармактагы баракчасында жарыяланган билдирүүдө.

Комментарий жиберүү