АКШда еврейлер уюштурган Палестинаны колдоо митингинде жүздөгөн демонстранттар Конгресстин имаратына кирип барышты.

Газа тилкесиндеги аскердик аракеттерге нааразычылык билдирип көчөгө чыккан демонстранттар АКШ Конгрессинин имаратына кирип барышты. Капитолий полициясы аларды имараттан сүрүп чыгарып, бир нечесин кармаганын Капитолий полициясы X соцтармагынан билдирди.

https://youtube.com/watch?v=yQXP5zzYF1M%3Fstart%3D289%26feature%3Doembed

«Кармалгандардын арасында үч киши камакка алуу учурунда полиция кызматкерлерине кол салган деп айыпталууда», — деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин Капитолийдин алдына палестиналыктарды колдоо митингине жүздөй адам чогулганы  кабарланган. Окуяга чейин Конгрессмен Марджори Тейлор Грин полиция күтүлүп жаткан нааразылык акциясынын алдында тосмолорду орнотконун маалымдап, Конгресстин мүчөлөрү анын бутасы болоорун билдирген.

Митингге чыккан активисттер Газадагы согуштук аракеттерди токтотууну жана АКШнын Израилге көрсөтүп жатканы аскердик жардамын токтотууну талап кылышууда. Акциянын демилгечиси «Jewish voice for peace» (Тынчтык үчүн еврей үнү) уюму болгон. Ага ондогон еврейлер кошулган.

«Jewish voice for peace» уюму Вашингтондогу согушка каршы демонстрацияга 10 миңдей киши катышканын, алардын 500ү камакка алынганын билдирди.

«Бүгүн ок атууну жана палестиналыктардын геноцидин токтотуу талабы менен көчөлөргө 10 миңдей еврей чыкты. 500 кишини кармап кетишти», — деп жазылат уюмдун X соцтармагындагы билдирүүсүндө.

РИА Новости маалымдагандай, кармалган активисттерди Конгресстин имаратынан чыгарып, полициянын автобусу менен алып кетүүдө. Колуна кишен салынгандардын катарында майып арабасында отурган активист да бар. Жергиликтүү FOX каналы полицияга таянып, жалпы 300дөй киши кармалганын маалымдады.

Комментарий жиберүү