Жогорку Кеңештин депутаттары Палестина элине бир күндүк маянасын которот

Жогорку Кеңештин депутаттары Палестина элине бир күндүк маянасын которот. Бул тууралуу бүгүнкү жыйында белгилүү болду.

Буг чейин депутат Жалолидин Нурбаев Палестинага материалдык колдоо көрсөтүү максатында Тышкы иштер министрлигине атайын эсеп ачууну сунуштаган.

Ал эми эли өкүлү Жаныбек Кыдыкбаев кесиптештерине бир күндүк маянасын Палестинадагы жабырлануучуларга бөлүп берүүнү сунуштаган. Жогорку Кеңештин депутаттары бул демилге колдоого алышты.

Палестина-Израиль жаңжалынын курчушунан улам Газада 3500дөн ашуун палестиналык набыт болуп, жарадар болгондор 10 миңден ашты. Израилде 1300дөй киши каза тапты.

17-октябрь кечинде Газа секторундагы «Аль-Ахли» ооруканасына жасалган соккуда эле 500дөй адам каза болду. Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, каза болгондордун көбү аялдар жана балдар. Палестинанын президенти Махмуд Аббас үч күндүк аза күтүү жарыялады.

Газанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү ооруканага кол салуу Израиль тарабынан жасалганын билдирген. Израиль айыптоолорду четке кагууда.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Газа секторундагы палестиналык жай тургундардын арасында көптөгөн курмандыктарга алып келген ооруканага жасалган аскердик соккунун кескин айыптады.

Кыргызстандык диний ишмер Кадыр Маликов Израилдин Газадагы ооруканага жасаган чабуулун варвардык деп атап, аны адамзатка каршы жасалган болуп көрбөгөндөй  оор кылмыш деген. 

Күн мурун Муфтий Замир кары Ракиев жетектеген муфтият жамааты, Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрүнөн турган дин аалымдары Палестинада курман болгон мусулмандардын рухуна багыштап көптөгөн Куран хатмдарын түшүрүп, оор сыноого кабылган палестиндиктер үчүн дуба кылышты. 

Жакынкы Чыгыштагы кырдаал 7-октябрда Газа тилкесинен ХАМАС Израилге каршы операция баштап, ракеталык чабуул жасагандан кийин кескин курчуду. ХАМАС бул чабуулду Израиль бийлигинин Иерусалимдеги Аль-Акса мечитине каршы аракеттерине жооп катары баалашты. Израиль Газа тилкесин толук блокадага алганын жарыялап, Газага жана Ливан менен Сириянын айрым аймактарына да сокку урууда. Учурда Израиль Газадагы ХАМАСты жок кылуу үчүн кургактагы операцияга кам көрүүдө.

Комментарий жиберүү