Палестина-Израиль жаңжалы: 22 журналист каза болду

Палестина-Израиль жаңжалы курчугандан бери кеминде 22 ЖМК кызматкери каза болгонун Журналисттерди коргоо комитети (Committee to Protect Journalists,CPJ) маалымдады.

Буга чейин 17 журналист набыт болгону кабарланган.

Аталган комитеттин сайтындагы билдирүүдө 22 журналисттин өлүмү тастыкталганы, алардын 18и палестиналык, үчөө израилдик жана бирөө ливандык экени айтылат.

Ошондой эле дагы сегиз журналисттин жаракат алганы, үчөө кармалган же дайынсыз жоголгону белгиленген.

Жакынкы Чыгыштагы кырдаал 7-октябрда Газа тилкесинен ХАМАС Израилге каршы операция баштап, ракеталык чабуул жасагандан кийин кескин курчуду. ХАМАС бул чабуулду Израиль бийлигинин Иерусалимдеги Аль-Акса мечитине каршы аракеттерине жооп катары баалашты. Израиль Газа тилкесин толук блокадага алганын жарыялап, Газадагы объекттерге анын ичинде жарандык объекттерге абадан сокку урууда. Учурда Израиль Газадагы ХАМАСты жок кылуу үчүн кургактагы операцияга кам көрүүдө.

Газа тилкесинде курман болгондордун саны 4137 адамга жетип, 13 миңден ашууну жараат алган. Израилде жергиликтүү бийликтердин маалыматы боюнча, 1300дөн ашуун адам набыт болгон.

Комментарий жиберүү