“Жүрөгүмдөсүң Палестина”. Кыргызстандыктардын Палестина элине билдирген тилектештиги

Палестина-Израиль жаңжалы курчугандан бери Газа тилкесиндеги кыргынды токтотууну талап кылган акциялар дүйнөнүн булуң-бурчунда өтүп жатат. Палестинаны колдогон, Израилди айыптаган акциялар бир гана мусулман дүйнөсүндө эле эмес Европа өлкөлөрүндө, АКШда дагы өтүп жатат. Бул жерде кыргызстандыктар да четте калган жок: Палестина элин колдоо акциясын өткөрүп, Жогорку Кеңештин депутаттары бир күндүк маянасын которуп, муфтий баштаган дин аалымдары оор сыноого кабылган палестиндиктер үчүн дуба кылышты.

«Эркин Палестина». Палестиндерди колдоо акциясы

Газа тилекесинде болуп жаткан окуяларга кайдыгер карабаган бир катар кыргызстандыктар 21-октябрда Бишкектеги Максим Горький атындагы бакчада палестиндерди колдоо акциясын өткөрдү.

Акциянын катышуучулары “Жүрөгүмдөсүң Палестина”, «Терроризмге жол жок», «Эркин Палестина», “Согушка жол жок” деп жазылган плакаттарды көтөрүп чыгышты.

Алар Газанын тургундарына жардам берүү үчүн атайын эсеп ачуу демилгесин көтөрүштү.

Палестинаны колдоо акциясы. 21-октябрь, 2023-жыл. Сүрөт: Кундуз Кызылжарова (RFE/RL).

Экс-депутат, экс-акыйкатчы жана КР Малайзиядагы экс-элчиси Турсунбай Бакир уулу Израиль палестиндерди геноцид кылып жатканын айтып, мусулман коомчулугун палестиналыктарды колдоого чакырып видеокайрылуу жасады.

Ал белгилегендей, 1948-жылдын 29-ноябрында БУУнун Башкы Ассамблеясы Палестинанын жеринде эки мамлекет түзүлөт деген чечим кабыл алган. Бири араб, экинчиси еврей мамлекети. Бирок натыйжада Израиль мамлекети түзүлүп, Палестина мамлекети түзүлбөй калып, маселенин баары ушундан башталган.

Палестина — баардык мусулмандардын баштарын бириктирген көйгөй. Палестина элин геноцид кылып жаткан жөөттөрдүн — бүгүнкү күндүн фашисттеринин Аллах-Таала Өзү жазасын берет! Ага чейин биз дагы кайдыгер олтурбайлы, момун мусулман бир туугандарым! Палестина — боль всего исламского мира, всех мусульманских народов! 🇰🇬💔🇵🇸#палестина #palestine #freepalestine #палестинамыстобой #палестинабольмусульманскогомира #палестинаизраильвойна😱😩😢😱 #палестинабизсенименен #палестинакыргызстан

Опубликовано Турсунбаем Бакир Уулу Среда, 18 октября 2023 г.

Дин аалымдардын дубасы

18-октябрь күнү «Имам Сарахсий» мечитинде Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Замир кары Ракиев баштаган дин аалымдары Палестинада курман болгон мусулмандардын рухуна багыштап көптөгөн Куран хатмдарын түшүрүп, оор сыноого кабылган палестиндиктер үчүн дуба кылышты.

Муфтий ушундай кезеңде Аллага жалбарып зикир кылуу керектигин, момун-мусулмандардын бири-бирине дуба кылуусу өтө зарыл экенин, тынчтык нээматынын маанисин айтып, Жараткандан жалпы үммөттүн амандыгын жана биримдигин тилеген.

Палестиналыктарга жардам колун сунган Жогорку Кеңештин депутаттары

Жогорку Кеңештин 18-октябрдагы жыйынында депутаттар Палестина-Израиль жаңжалы боюнча маселени көтөрүштү.

Анда эл өкүлү Жаныбек Кыдыкбаев кесиптештерине бир күндүк маяналарын Палестинадагы жабырлануучуларга бөлүп берүүнү сунуштады. Жогорку Кеңештин депутаттары бул демилге колдоого алышып, Палестина-Израиль жаңжалында жабыркаган Газанын элине бир күндүк маянасын которууну чечишти.

Ошондой эле депутаттар Палестинанын кыйналып жаткан элине жардам катары Тышкы иштер министрлигине атайын эсеп ачууну сунушташты.

Жаныбек Кыдыкбаев жана Айбек Осмонов да гуманитардык коридор түзүүгө көмөктөшүү жана дары-дармек жөнөтүү тууралуу сунуштарын айтышты.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев депутаттардын сунуштарын толук колдоого алып, Палестинага гумжардам жөнөтүү керектигин белгиледи. Ал ошондой эле Кыргызстан согушту каалабаган, тынчтыкты сүйгөн эл экенин айтып, согуштун токтошун жана бардык маселе дипломатиялык жол менен чечилишин талап кыларын билдирген.

Кыргызстандын тынчсыздануусу

Израил-палестина жаңжалынын курчушуна байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирүү таратып, Кыргызстан көптөгөн курмандыктарга жана кыйроолорго алып келген израиль-палестина жаңжалынын курчушуна кооптонуу жана тынчсыздануу менен көз салып турганын билдирди.

“Тынчтыкты орнотуу, калкты коргоо жана Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды турукташтыруу максатында тараптарды согуш аракеттерин токтотууга жана саясий-дипломатиялык диалогду мүмкүн болушунча тезирээк баштоого чакырабыз», — деп айтылат ТИМдин билдирүүсүндө.

Израиль 75 жылдан бери палестиналыктарды өз жеринде террордоп келет

Кыргызстандык диний ишмер Кадыр Маликов Израилдин гуманитардык укукту бузуусу жана адамзатка каршы кылмыштары көп жылдардан бери улантылып келерин билдирди.

Анын айтымында, Израиль БУУну көзгө илбей, демонстрациялуу түрдө жарандык калкты “жамааттык жазалоону” ишке ашырып жатат – чындыгында бул Газанын бүткүл элин, анын ичинде балдарды жана аялдарды геноцид кылуу болуу саналат.

Маликов Израиль жазадан качуу үчүн Эл аралык кылмыш сотунун статутун ратификациялабаганын баса белгилеген.

«Израиль 75 жылдан бери палестиналыктарды өз жеринде террордоп келет. Газа тилкеси чындыгында 2 миллион киши үчүн ачык асман алдындагы концлагерь. Палестиналыктар аларга бирөө келип, үйүн, жерин же жашоо укугун тартып алышы мүмкүн деп ойлоп күн сайын коркуу менен жашашат», — деген ишмер.

Маликов учурда ар бир 15 мүнөт сайын палестиналык бала өлүп жатканын, азыркыга чейин 1030 бала өлгөнүн айтып, бул болжол менен ар бир 15 мүнөт сайын бир баланын өмүрү кыйылганын билдирет деген.

«Бул чыныгы — геноцид жана адамзатка каршы кылмыш! Бул терроризм эмеспи? Мусулман болуунун кереги жок, жүрөктөгү ооруну сезүү үчүн адам болуу гана маанилүү», — деп билдирген Кадыр Маликов.

Ал ошондой эле Израилдин 17-октябрда Газадагы ооруканага жасаган чабуулун варвардык деп атап, аны адамзатка каршы жасалган болуп көрбөгөндөй  оор кылмыш деди.

17-октябрда Газа тилкесиндеги «Аль Ахли» ооруканасына ракета тийип, 600дөй киши мүрт кетип, 900дөй киши жарадар болгон. Палестина чабуул үчүн Израилди айыптаса, Израил күнөөнү «Ислам жихады» тобуна оодарган. Бирок аталган топ айыптоолорду четке какты.

«Учурда бүтүндөй дүйнө коомчулугу Израилдин 17-октябрда Газа секторундагы ооруканага жасаган варвардык чабуулуна шок болуп турат, анда 800дөн ашуун адам өлдү. Алардын көпчүлүгү күнөөсүз — аялдар жана балдар. Мен муну дүйнө коомчулугунун көз алдында адамзатка каршы максаттуу түрдө  жасалган эң төмөн кылмыш деп эсептейм», — деди диний ишмер.

Ал Эл аралык сот (Израилдин — ред.) армиясын жана өкмөтүн Нюрнбергдегидей аскер кылмышкерлери катары иликтеп, жоопкерчиликке тартышы керек деди.

«Палестиналык балдардын жана аялдардын өлүмүнө алып келерин билип туруп, жарандык объекттерге  атайылап жасалган чабуулдар Израилдин адамдык баалуулуктардан жана гумандуулуктан ажыраган чыныгы жүзүн көрсөтүп турат», — деп белгиледи Кадыр Маликов.

Газа секторундагы палестиналык жай тургундардын арасында көптөгөн курмандыктарга алып келген ооруканага жасалган аскердик соккуну Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги да кескин айыптап, эл аралык гуманитардык укуктун бузулушун ар тараптуу иликтөөгө чакырган.

Палестина-Израиль жаңжалынын курчушу

Жакынкы Чыгыштагы кырдаал 7-октябрда Газа тилкесинен ХАМАС Израилге каршы операция баштап, ракеталык чабуул жасагандан кийин кескин курчуду.

ХАМАС бул чабуулду Израиль режиминин Иерусалимдеги Аль-Акса мечитине каршы аракеттерине жооп катары баалашты. Израиль ХАМАСка жооп ирээтинде “Темир кылыч” операциясын баштап, Газадагы объекттерге анын ичинде жарандык объекттерге абадан сокку урууда. Ошондой эле Газа тилкесин толук блокадага алып, электр жарыгы, суу, азык-түлүк жана күйүүчү май өткөрүүнү токтотту.

Учурда Израиль Газадагы ХАМАСты жок кылуу үчүн кургактагы операцияга кам көрүп, палестиналык бир миллиондон ашык жай тургундарга Газанын түштүк тарабына эвакуацияланууга чакырууда.

7-октябрдан бери уланып жаткан Изрилдин аткылоосунан Газа тилкесинде курман болгондордун саны 4600дөн ашып, 14 миңден ашууну жараат алганын Палестинанын Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады.

Израилде жергиликтүү бийликтердин маалыматы боюнча, 1300дөн ашуун адам набыт болгон.

Комментарий жиберүү