Блокадада калган Газанын элине гумжардамдын үчүнчү партиясы жеткирилди

Египеттин аймагы аркылуу Газа тилкесине гуманитардык жардамдын үчүнчү партиясы жеткирилди. Гуманитардык жардам кербени Рафах өткөрүү пункту аркылуу өткөнүн Sada el-Balad  телеканалы маалымдады.

«Жардамдын жаңы партиясы Рафах чек ара бекети аркылуу Газага келди», — деп айтылат телеканалдын билдирүүсүндө. БУУ гуманитардык жардамды уюмдун өзү жана Египеттин Кызыл Жарым Ай коому көрсөткөнүн буга чейин билдирген.

Израилдин армиясы суу, дары-дармек жана азык-түлүк жүктөгөн 14 жүк ташуучу унаага Газа тилкесинин түштүгүнө өтүүгө уруксат бергенин ЦАХАЛдын басма сөз катчысы бригадалык генерал Даниэль Хагари билдирди.

Ал эгер ХАМАС кыймылына кандайдыр бир гуманитардык жүктөр жеткирилгени аныкталса, анклавга жардам берүүнү дароо токтотуларын эскертти.

Алгачкы гумжардамдын биринчи жана экинчи партиясы Газа тилкесине ишемби жана жекшемби күндөрү жеткирилген. Анда чек арадан жалпы 37 жүк ташуучу унаа өткөн. Бирок БУУнун маалыматына караганда, Газанын негизги муктаждыктарын канааттандыруу үчүн күн сайын 100дөй жүк ташуучу унаа кирип туруш керек экенин БУУНун  гуманитардык маселелер боюнча орун басары жана өзгөчө кырдаалдар  координатору Мартин Гриффитс 21-октябрда Каирдеги конференциянын алкагында билдирди.

Палестина-Израиль жаңжалы курчугандан бери Израиль Газаны блокадага алганын жарыялаган. Эки аптадан бери Газанын элине суу, азык-түлүк, дары-дармек, электр жарыгы, күйүүчү май тартыш болууда. Рафах Израиль жүк өткөрүүгө макул болгон Египет менен Газанын ортосундагы жалгыз чек ара бекети болуп саналат. Египет менен Газа тилкесинин чек арасында гуманитардык жүк ташыган 200дөй жүк ташуучу унаа топтолуп калганы маалымдалган. Кийинчерээк Египет Рафах көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу Газа тилкесине гуманитардык жардам жеткирүүгө уруксат берген.

Апта башында Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун кеңсеси Израиль Египеттен Газа тилкесине гуманитардык жардам жеткирүүгө тоскоол болбой турганын, бирок ХАМАС тобу барымтадагыларды бошотмоюн Израилдин аймагынан жеткирилишине уруксат бербей турганын билдирген.

7-октябрдан бери уланып жаткан Изрилдин аткылоосунан Газа тилкесинде курман болгондордун саны 4600дөн ашып, 14 миңден ашууну жараат алганын Палестинанын Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады. Израилде жергиликтүү бийликтердин маалыматы боюнча, 1300дөн ашуун адам набыт болгон.

Комментарий жиберүү