Вашингтон Кытайдын баллистикалык ракета учурганынан кийин Пекинге кайрылуу жасады.
АКШ Кытай жүргүзгөн баллистикалык ракета сыноосун кылдат көзөмөлдөп турганын билдирип, Пекинди континенттер аралык баллистикалык ракеталардын бардык учуруулары тууралуу Вашингтонду алдын ала үзгүлтүксүз кабардар кылууга чакырды.
Бул тууралуу АКШнын Мамлекеттик департаментинин расмий өкүлү Томми Пигот билдиргенин CBS News маалымдады.
«Биз Кытайды курал-жаракты көзөмөлдөө боюнча мазмундуу дискуссияларга катышууга жана континенттер аралык баллистикалык ракеталардын бардык учуруулары, ошондой эле космостук учуруулар жөнүндө үзгүлтүксүз маалымат берип турууга чакырууну улантабыз. Бул милдеттенме “өзөктүк бештикке” кирген башка бардык мамлекеттер кабыл алган талаптарга шайкеш келет», — деди ал.
Пигот ошондой эле АКШ өзүнүн союздаштарын жана өнөктөштөрүн коргоо боюнча алган милдеттенмелерине бекем берилерин баса белгиледи.
Буга чейин 6-июлда Кытай стратегиялык багыттагы «Тип 094» атомдук суу алдындагы ракета ташуучу кемесинин бортунан Сары деңиздеги Люйшунь аскердик базасынын жанында баллистикалык ракета учурган.