Кымындай ыйман деген эмне?

Суроо: Бир да жакшылыгы жана ибадаты жок болгон, күнөөлөргө баткан бир адам чын жүрөктөн калима-и шахадатты айтса жана ошол абалда өлсө Бейишке киреби? 

ЖООП: Күнөөлөргө батып, ибадаттан алыс адамдын ыйман менен өлүүсү өтө кыйын. Эгер ыйман менен өлө алса гана күнөөлөрүнүн жазасын тарткандан кийин кийин сөзсүз Бейишке барат. 

Ибадат менен жакшылыкты төмөнсүнтпөө керек. Биз жөнөкөй деп ойлогон бир жакшылык кутулушубузга себеп болушу мүмкүн. Бир хадиси шарифтин мааниси да төмөнкүчө:

“Өмүрүндө бир да жолу жакшылык кылбаган бир мусулман [башка мусулмандардын бутуна сайылбасын деп] бир тикенекти жолдон алып салды. Анын бул иши Аллахтын алдында кабыл болду жана Бейишке кирди.” [Абу Дауд]

Суроо: Кымындай ыйманы бар адам Бейишке сөзсүз кирет деп айтылууда. Кымындай ыйман деген эмне?

ЖООП: Амантудагы алты негизге ишенген, Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын айткандарынын бардыгына ишендим, жактырдым, баарын кабыл алдым деген адам кымындай ыйманга ээ болду дегенди билдирет.

Эгер Аллахтын ырайымы кенен, Мухаммадун Расулуллах деп айтуунун кереги жок делсе, Исламият менен болгон мамилеси үзүлөт, кымындай ыйман пайда болбойт. Бир хадиси шарифтин мааниси төмөнкүйдөй:

“Лаа илаха иллаллах Мухаммадун Расулуллах деп жүрөгүндө кымындай ыйманы болгон адам оттон чыгат.” [Бухари, Муслим, Тирмизи]

Эгер ыймандын алты шартына ишенилсе, алардын бирине, мисалы, пайгамбарлардын бирине ишенилбесе, атүгүл, бир парзды, бир сүннөттү жактырбаса, ал адам момун боло албайт. Башкача айтканда, ыймандын алты шартына ишенбеген болот.

Кымындай ыйман менен өлө алуу үчүн болсо арамдардан сактанууга, ибадаттарды кылууга аракет кылуу керек. Анткени, кылынган күнөөлөр ыйман нурун өчүрүшү мүмкүн, башкача айтканда, ал адамды күфүргө алып барышы мүмкүн

Комментарий жиберүү