Түркиянын үч провинциясында токойлорду өрт каптады. Видео

 Түркиянын Анталия, Маниса жана Кахраманмараш провинцияларында токой өрттөнүүдө.

Түрк бийликтери 25-июлга караган түнү токой өрттөрүн өчүрүү аракеттери көрүлүп жатканын билдирди.

“Анталия провинциясынын Каш, Кемер жана Ташаыл райондорунда, ошондой эле Маниса провинциясынын Саруханлы  жана Кахраманмараш провинциясынын Дулкадироглу айылдарында (түштүк-чыгышта – ред.) токой өрттөрүн өчүрүүнү улантып жатабыз”, – деп билдирди Түркиянын Токой чарба башкы башкармалыгы Твиттердеги билдирүүсүндө.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган дүйшөмбү күнү жарандарды токойлорго кылдаттык менен мамиле кылууга жана токойлорго жакын жерде өрт булагына жол бербөөгө чакырды.Токойдогу өрттөрдү өчүрүүгө 24 учак, 100 тик учак жана он учкучсуз учак жана 25 миң өрт өчүрүүчү тартылган, ошондой эле  жардамга Россиянын эки амфибия учагы да келген.Акыркы убакта бир катар өлкөлөрдө, атап айтканда, Түркияда аномалдуу ысык катталып, өрттүн чыгышына алып келүүдө.

Комментарий жиберүү