Н. Назарбаевден мамлекеттик күзөт кызматы алынат

 Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 4-августан тартып Нурсултан Назарбаевден мамлекеттик күзөт кызматын алуу тууралуу буйрукка кол койду.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кол койгон  буйрукка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 4-августунан тартып Казакстандын Мамлекеттик күзөт кызматы өлкөнүн мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин коопсуздугун камсыз кылбайт. Бул тууралуу  «Интерфакс» билдирди.

Ошол эле учурда Казакстандын экс-мамлекет башчсынын кол тийбестиги сакталып кала берет. Мындан тышкары Н. Назарбаевге квартира, тейлөөсү менен кошо мамлекеттик дача, жеке күзөт, айдоочусу менен кошо автомашина жана медициналык тейлөө кызматтары берилет.

Мындай чечим 2023-жылы февралда Н. Назарбаев жана анын туугандарынын статусу жана ыйгарымдарын аныктоо боюнча  кабыл алынган “Казакстан Республикасынын биринчи президенти – Элбасы тууралуу” мыйзамга негизделет.

Мурда Токаев “Мыйзамсыз ээлеп алган активдерди мамлекетке кайтаруу тууралуу” мыйзамга кол койгон. Бул документке ылайык, коррупциялык жол менен табылган активдерди мамлекеттин эсебине алууга уруксат берилет. Мыйзамдын жоболорун колдонуу үчүн адамдардын мыйзамда көрсөтүлгөн чектен ашык суммада активи болуш керек.

Комментарий жиберүү