Израилде сот реформасы тууралуу талаштуу мыйзам жактырылгандан кийин демонстарциялар күч алды

Мыйзамдын кабыл алынышы Израилдин сот системасында сот реформасы башталгандан берки биринчи чоң өзгөрүүнү билдирет. Мыйзам долбоору бүткүл оппозиция добуш берүүгө бойкот жарыялаганына жана коомчулуктун каршы болгондугуна карабай кабыл алынды, бул Израилдин саясий турмушунда болуп көрбөгөндөй окуя болду.

Документке 120 орундуу парламенттеги башкаруучу коалициянын 64 депутаты добуш берди.

Сот реформасына каршы чыккандар өлкөнүн ар кайсы аймактарында, анын ичинде борбор шаары Тель-Авивде массалык нааразылык акцияларына чыгышты.

Массалык нааразылык акцияларынын фонунда сот реформасынын башкы идеологу, Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху кайрылуу жасады. Ал чоң реформа тууралуу «ачык айтууга» даяр экенин билдирди. Анын айтымында кабыл алынган мыйзам “бийлик бутактарынын ортосундагы белгилүү бир тең салмактуулукту калыбына келтирүү үчүн” зарыл болгон.

Натаньяхунун билдирүүсүнө оппозициянын лидери, мурдагы премьер-министр Яир Лапид реакция кылып, анын сөздөрүн “куру сөз” деп атады.

Белгилей кетсек, өлкөдө сот реформасына каршы ири демонстрациялар жарым жылдан ашуун убакыттан бери уланууда. Ал өлкөнүн тарыхындагы эң ири акция болуп калды, март айында нааразычылык акциясына жарым миллионго чейин адам чыккан.

Комментарий жиберүү