Россияда «жыныс алмаштырууга» тыюу салынды. Путин мыйзамга кол койду

 Россия президенти Владимир Путин өлкөдө жыныс алмаштырууга тыюу салган мыйзамга кол койду. Документ укуктук маалыматтар расмий порталында жарыяланды.

Документке ылайык, Россияда трансгендердик өткөөл мезгилдин алкагында операция жана гормоналдык терапияга тыюу салынат. “Балдардын жыныстык түзүлүшүнүн тубаса физиологиялык мүчүлүштүгүн дарылоого” гана уруксат берилет.

Мыйзам гендердик маркерди алмаштырууга тыюу салат, бул – чет өлкөлөрдө да операция жасатууга болбойт дегенди билдирет. Мыйзам күчүнө киргенден баштап трансгендерлерге бала асырап алууга тыюу салынат. Түгөйлөрдүн бири жынысын алмаштырса никеси жокко чыгат.

Мыйзам жарыяланган күндөн тарта күчүнө кирет.

Эске салсак, 14-июлда Россиянын Мамлекеттик думасы пленардык жыйында РФ жыныс мүчөсүн алмаштырууга багытталган медициналык кийлигишүүгө тыюу салган мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырган.

Мыйзам долбоорун демилгелеген Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин буга чейин мыйзам долбоору Россия Федерациясынын жарандары үчүн маанилүү болгон салттуу үй-бүлөлүк баалуулуктарды сактоого багытталганын айткан.

Анын пикиринде, батыш өлкөлөрү россиялыктарга жат псевдо-баалуулуктарды таңуулагысы келет, бирок мындай пландар “ишке ашпайт”.

Мамлекеттик Думанын спикеринин маалыматы боюнча, акыркы 10 жылда АКШда жыныс мүчөсүн алмаштыруу операциялары 50 эсеге өскөн.

Ал белгилегендей, 2022-жылга карата АКШда трансгендерлердын саны 1 миллион 640 миңди түзөт, анын ичинен 1 миллион 300 миңи чоңдор (чоң кишилердин 0,5 пайызы), 340 миңи өспүрүмдөр (АКШдагы 13-17 жаштагы балдардын 1,4 пайызы). Ал  бул тенденцияны “улуттун деградациясына” алып баруучу жол деп атаган.

Комментарий жиберүү