Ашура күнү абдан маанилүү окуялар болуп өткөн.

Ошондуктан бул күнгө өзгөчө мамиле кылууга тийишпиз. Ашура күнү кандай окуялар болгондугун алдыда биле аласыз:

• Аалам, периштелер жана Адам (а.с) жаратылган.

• Адам (а.с) тобосу кабыл кылынган.

• Муса пайгамбар (а.с) жана анын эли фараондун эзүүсүнөн кутулушкан. Заалым фараон кыйроого учураган.

• Ибрахим пайгамбар (а.с) төрөлгөн жана Намруддун отунан сак-саламат чыгарылган.

• Аюб пайгамбар (а.с) катуу оорудан айыгып, азаптардан куткарылган.

• Юнус пайгамбар (а.с) киттин ашказанынан аман-эсен чыгарылган.

• Сулайман пайгамбарга (а.с) өкүмдарлык тартууланган.

• Нух пайгамбар (а.с) кемесинен кургак жерге түшүрүлгөн.

• Юсуф пайгамбар (а.с) түрмөдөн чыгарылган.

• Пайгамбарыбыздын сүйүктүү небереси Хусейн иби Али ибн Абу Талиб шейит болгон.

Комментарий жиберүү