«Россия-Африка» саммитинин биринчи күнү. Кол коюлган келишимдер

 Санкт-Петербургда Россиы-Африка саммити өтүп жатат. Батыштын кысымына карабай, ага Африка өлкөлөрүнөн 17 мамлекет башчы катышууда.

Дээрлик бардык Африка мамлекеттеринин лидерлери менен өкүлдөрүн чогулткан саммит кечээ, 27-июлда ачылып, бүгүн, 28-июлда жыйынтыкталат.

Биринчи Россия-Африка саммити 2019-жылдын 23-24-октябрында Сочиде “Тынчтык, коопсуздук жана өнүгүү үчүн” урааны астында өткөн. Анда Африканын бардык 54 өлкөсүнүн расмий өкүлдөрү чогулушкан, алардын ичинен 45и мамлекет жана өкмөт башчылары болгон. Биринчи саммитте Россия менен Африка өлкөлөрү 800 миллиард рублдан ашык суммага 50дөн ашык келишимге кол коюшканын, Россия президентинин кеңешчиси Антон Кобяков форумду жыйынтыктап жатып билдирген.

Саммиттин биринчи күнүндө Россия президенти Владимир Путин бир катар африкалык лидерлер менен жолугушуп, узак мөөнөттүү экономикалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча макулдашты.

Уганда: аскердик техниканы тейлөө боюнча хабды өнүктүрүү

Уганданын коргоо министри Винсент Ссемпия Россия менен аскердик техниканы, анын ичинде учактарды тейлөө боюнча аймактык хабды өнүктүрүүнү талкуулоо ниетин билдирди.

“Уганда башка өлкөлөр үчүн хаб боло алат, анткени африкалык өлкөлөр Россиядан аскердик техникаларды көптөн бери оңдоп келишери белгилүү, андыктан жердеги жана абадагы техникаларды тейлөө үчүн хабдын болушу абдан маанилүү», –  деген Ссемпиянын сөзүн РИА Новости келтирет.

Уганданын тышкы иштер министри Джедже Одонго өз кезегинде өлкө өндүрүштү локализациялоо үчүн россиялык жер семирткич өндүрүүчүлөрдү тартууну күтүп жатканын белгиледи.

Бурунди Россия менен аскердик кызматташтыкты чыңдоо ниетинде

Африка өлкөсүнүн президенти Эварист Ндайишимие Россия менен аскердик кызматташтыкты чыңдоого үмүттөнөрүн билдирди.

“Биз Россия менен Бурунди ортосундагы кызматташтыкты аскердик багытта бекемдеп, диверсификациялай алабыз деп үмүттөнөбүз”, – деген ал.

Бурунди президенти ошондой эле орус лидери Владимир Путинге африкалык өлкөгө 100 миң тонна жер семирткич берүүнү убада кылганы үчүн ыраазычылык билдирди.

Зимбабве: тынчтык атом боюнча кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюлду

Зимбабвенин энергетика министри Сода Жему менен «Росатомдун» башкы директору Алексей Лихачев атомдук энергияны тынчтык максатта пайдалануу боюнча кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык келишимге кол коюшту, деп билдирет РИА Новости.

Документте атомдук энергияны кеңири чөйрөдө колдонууга, атап айтканда, Зимбабвенин өзөктүк инфраструктурасын эл аралык сунуштарга ылайык түзүү жана өркүндөтүгө ошондой эле өзөктүк жана радиациялык коопсуздук жагындагы кырдаалды жөнгө салууга негиз түзөрү белгиленген.

Танзания Россияны алмаз казууга чакырды

Танзаниянын минералдар министри Дото Машака Битеко россиялык компанияларды өлкөдө алмаз казууга чакырды.

“Биз Россияны алмазды чалгындоого чакырып жатабыз. Азырынча россиялык компаниялардан биздин өлкөдө алмаз казууга кызыкдар экендиги тууралуу билдирүү келе элек. Бирок мындай билдирүү келсе, биз аны кубаныч менен кабыл алабыз”, – деди министр.

Джибути менен Россия билим берүү тармагында кызматташат

Россиянын Билим берүү жана илим министрлиги Джибути Республикасынын Жогорку билим жана илим министрлиги менен жогорку билим берүү тармагында өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол койду, деп билдирет РИА Новости.

Египетте Россия университеттеринин филиалдары ачылат

Россия Федерациясынын Билим берүү жана илим министрлигинин башчысы Валерий Фальков Египетте эки орус университетинин филиалдарын ачуу пландары тууралуу айтып берди.

Фальков Санкт-Петербург мамлекеттик университетинин жана Казань Приволжск федералдык университетинин филиалдары ачылышы мүмкүн экенин тактады.

Россия менен Борбордук Африка Республикасы биргелешкен илимий борборлорду түзөт

Россия менен Борбордук Африка Республикасы биргелешкен илимий борборлорду түзүү боюнча келишимге кол коюшканын өлкөнүн билим берүү, изилдөө жана технологиялык инновациялар министри Жан Лоран Магале билдирди.

Ошондой эле Россиянын Билим берүү жана илим министрлиги Борбордук Африка Республикасынын Жогорку билим берүү, илимий изилдөөлөр жана технологиялык инновациялар министрлиги менен жогорку билим берүү тармагында өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол койду.

Ангола Россия менен мунай тармагында кызматташууга кызыкдар

Россиянын республикадагы элчиси Владимир Тараров Анголанын Россия менен мунай өнөр жайы жана айыл чарба жаатында кызматташууга кызыктар экенин айтты. Ал 2023-жылдын экинчи жарымында Анголада эл аралык конференция өткөрүлөрүн, анда башка маселелер менен катар мунай өнөр жайы жана айыл чарба тармагындагы кызматташтык талкууланарын кошумчалады.

Комментарий жиберүү